Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 12.12.2018 21:45 На русском

Айыл турмушу: Ноокендик айдоочу Б.Сулайманов түш көргөндөн кийин майып балдарга жардам берип баштаган (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну Бакытбек Сулайманов 15 жылдан бери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү четелген балдарга жардам берип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Ноокен—Жалал-Абад багытындагы каттамда кичи автобустун айдоочусу болуп иштейт.

«15 жыл мурун мен дагы кыйын күндөрдү башымдан өткөрүп, материалдык жактан кыйналып жүрдүм эле. Ошол күндөрдө түшүмө жаш балдар кирип, мени бир нерсеге ороп калгандары эсимден кетпейт. Ата-энем жана келинчегиме айтсам, Ноокен районунун Шайдан айыл аймагында жайгашкан Жумабек Ниязов атындагы жатак мектебине барып келүүмдү өтүнүштү. Кийин бул жерге келип, балдар менен жолугуштум. Бул жакта тарбияланган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам керектигин көрдүм. Досторума айтсам алар менин сунушумду колдоп, колубуздан келген жардамыбызды берип баштадык. Ошондон бери жыл сайын бул жатак мектепте тарбияланган балдарга колдоо көрсөтүп келебиз», - дейт ал.

Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Орозбаеванын айтымында, балдарга ар тараптуу билим берилет.

«Бизде акыл-эсинен жана дене түзүлүшүнөн жабыркаган балдар билим алышат. Алар жазуу жана окуу жагынан кыйынчылыкка дуушар болгону менен аракет кылышып, жакшы көрсөткүчтөргө жетишишет. Кол эмгек сабагынан өнөрүн өркүндөткөн балдар көп», - дейт Г.Орозбаева.

Б.Сулайманов 29-ноябрда бул мектепке келип, кезектеги жардамын берип, балдар менен баарлашып кетти.

Жумабек Ниязов атындагы жатак мектеби 1980-жылы түптөлгөн. Учурда анда 155 бала билим алып, 20 мугалим, 22 тарбиячы эмгектенүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×