Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 29.11.2018 11:21

«Жалалабатэлектро» ААКтын башчысы К.Маматканов кышка даярдык, энергетика тармагындагы иштер тууралуу айтып берди (фото)

Turmush -  Жогорку бийлик өкүлдөрү кайсыл гана аймактарга барып эл менен жолугушпасын карапайым калк сөзсүз түрдө энергетика тармагына байланышкан көйгөйлөрдөн кеп козгойт. Башкача айтканда, жаңы конуштарга электр энергиясы жетпей жаткандыгы, мамылардын эскилиги жеткендиги сыяктуу маселелер айтылат. Өз өкүмүн сүрө баштаган кыш камылгасына байланышкан суроолор да арбын. Аймактык кабарчы «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун башкы деректору Маматканов Кеңешбек Апсалиевичти кепке тартты.

- Кенешбек Апcалиевич, алгач кыш камылгасы боюнча кеп козгосок. Аба ырайы кескин өзгөргөндө, электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, эл ичинде нааразычылыктар жаралууда. Себеби эмнеде?

- Биз күз-кыш мезгилдерине ар дайым жыл бою даярдык көрөбүз. Жылдын башында атайын иш-мерчемин түзүп, эрте жаздан баштап авариялык өчүүлөрдүн алдын алуу максатында бардык электр түйүндөрү ондоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Быйыл да бизде бир катар жумуштар жүрдү.

Кыш мезгилинде авариялык өчүүлөрдү кыскартып, электр энергиясына болгон техникалык жоготууларды азайтуу максатында өз мөөнөтүн өтөп бүткөн авариялык абалдагы «Шекафтар-Терек-Сай» 35 кВ аба чубалгысынын 2 чакырымы калыбына келтирилди. Ушул кезге чейин 7 чакырымы кайрадан калыбына келтирилген эле. 35 кВ «Избаскент-Камалдин» аба чубалгысында 12 мамы жана «Избаскент-Восточный» аба чубалгысында 2 мамы, бардыгы болуп жогорку чыңалуудагы 14 мамы СК-22 тибиндеги мамыларга алмаштырылды. Ал эми капиталдык салым боюнча Токтогул районуна караштуу 22 чакырым «Үч-Терек-Өзгөрүш» жана Ноокен районунун аймагындагы 35 кВ «Избаскент- Рахманжан» аба чубалгысынын зымдарынын 8 чакырымы өткөрүмдүүлүгү жогору зымдарга алмаштырылды. Аталган чубалгылар 1969-жылдары курулгандыктан, эскилиги эбак жетип, күз-кыш мезгилдеринде авариялык абалды жаратып турчу.

Жогорку 35 кВ чыңалуудагы 12 темир мамылар жуулуп-тазаланып, сырдалып, калыбына келтирилди. Көмөк чордондордогу эски 34 даана 10 кВ чыңалуудагы май өчүргүчтөрүн жаңы заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырдык, жылдын аягына чейин алмаштырууну 45 даанага жеткиребиз деп турабыз. Жыл сайын кардарлардын саны өскөндүктөн, жогорку кубаттуулуктагы жаңы 33 даана трансформаторлорду орноттук. Мына ушул сыяктуу иштер жүрдү. Негизинен кышка даярдык аягына чыгып калды десек болот.

Ал эми аба ырайы кескин өзгөргөндө, электр жарыгы көп үзгүлтүккө учурап, эл ичинде нааразычылык жаралган учурлар боюнча айта кетсек, күз мезгилинде жалбырактар толук түшүп бүтө элек учурда кар жаап койгону бизге дайыма кыйынчылыктарды жаратып келет. Себеби, биздин карамагыбыздагы аба чубалгылардын корук чеги 2 метр гана аралыкты камтыйт. 2 метрден ары бизге бак-дарактарды кыйганга уруксат берилбейт. Кар оор жааган учурларда 2 метрден ары жактагы бак-дарактардын шагы сынып, аба чубалгыларды басып калган учурлар көп болуп, авариялык өчүүлөр да көп катталат.

- Үстүбүздөгү жылы электр мамычаларды алмаштыруу жумуштары көп жүрдү. Дагы бул жаатта кандай аракеттер көрүлүп жатат. Сиздердин мекемеге таандык канча электр мамычасы бар?

- Калкты сапаттуу үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыздоо үчүн биздин компания жыл сайын эскилиги жеткен жыгач электр мамычаларды бетон мамычаларга алмаштырып келебиз. Бүгүнкү күнгө карата бизге таандык 6-10-0,4 кВ аба электр чубалгыларында 183868 даана мамылар бар, анын ичинен 16941 даанасынын эскилиги жеткен деп катталган болсо, ар жылы алмаштыруу иштери мерчемдештирилет. Мисалы, 2014-жылы 400 даана, 2015-жылы 500 даана, 2016-жылы 900 даана, 2017-жылы 1900 даана электр мамычалар алмаштырылган болсо, үстүбүздөгү жылдын 10 айында 2526 даана абалы талапка жооп бербеген жыгач мамычалар алмаштырылды. Кийинки жылы бул көрсөткүч мындан дагы көбөйөт деген ишеничтебиз, анткени биздин компания Базар-Коргон районуна электр мамычасын чыгара турган атайын цехтин курулушун баштаганы турабыз. 2019-жылы курулуш иштери бүтүп пайдаланууга берилет.

- Эл менен жолугушкан учурларда социалдык объектилердеги силерге өтө элек трансформаторлорду баланска өткөрүп берүү маселеси көтөрүлүп келет. Токтогул районунда да айрым объектилерге өзүңүз да күбө болгонсуз. Ушул маселелер кандай болуп жатат?

- Бүгүнкү күндө социалдык объектилерде жайгашкан электр жабдууларды (КТП, ТП, ГКТП) бюджеттик мекемелер өзүлөрү тейлей албагандыктан, биздин баланска өткөрүү боюнча көп кайрылышат. Кайсы гана мекеме-ишкана болбосун бизге кайрылса, атайын комиссия түзөбүз. Комиссиянын курамы жеринде электр жабдууларынын техникалык абалын жана иш кагаздарын иликтеп чыгышып, чечим кабыл алышат.

Өкмөттүн 2017-жылдын 24-ноябрдагы №773 токтомунда Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды, аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүүнүн тартиби бекитилген.

Аталган токтомдун 2-тиркемесине ылайык:

1. Курулуп пайдаланууга берилген инженердик тармактар мамлекеттик же муниципалдык менчикте болушу керек.

2. Объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысы жана уруксат берүүчү иш кагаздары болуу керек (Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан берилген инженердик-техникалык шарттары; долбоору; жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын КТП(ТП) жана электр чубалгы мамычаларын орнотуу үчүн жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндө токтому; электр энергиясы менен жабдуу боюнча техникалык шарттар; трансформатордун паспорту; кошуу үчүн мамэкотехникалык инспекцияга берилген документтердин жана кошуу нарядынын көчүрмөлөрү, ж.б.у.с.).

Учурда айрым объектилер биздин баланска өттү. Ал эми сиз айтып жаткан Токтогул району боюнча бизге жергиликтүү бийлик жана Токтогул районунун «Атайын эсеби» мамлекеттик ишканасы кайрылуу жөнөтүшкөн. Бул боюнча бизде комиссия курамы бекитилип, учурда комиссия иш алып барып жатат.

- Жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүү зарылдыгы күч десе болот. Бул багытта кандай жумуштар жүрүп жатат?

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №1373-XII 1994-жылдын 11-январындагы «Шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү» мыйзамынын (2014-жылдын 18-июлундагы өзгөртүлүп толукталган) 16-беренесинде «Аймакты инженердик даярдоо боюнча бардык иштер аяктаганга чейин, инженердик камсыз кылуу жана транспорттун жалпы системасынын айрым бөлүктөрүнүн кадимкидей иштеши үчүн зарыл болгон участокко келүүчү жолдорду салуу, магистралдык-инженердик тармактарды жайгаштыруу боюнча иштер аяктаганга чейин бөлүнгөн участокто шаар куруу комплексин курууну баштоого жол берилбейт» деп көрсөтүлгөн.

Ушул мыйзамдын 20-беренесинин негизинде жаңы конуштарды электрлештирүү, жаңы электр аба чубалгыларын куруу жергиликтүү бийлик органдарынын бюджеттери тарабынан комплекстүү түрдө чечилип, биздин компаниянын карамагына өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

Бирок ошого карабастан, жаңы конуштарды электрлештирүү жумуштарында электр жабдыктары жергиликтүү бийлик тарабынан камсыз кылып берилген учурларда куруу жумуштарына жардам берип жатабыз.

- Электр энергиясына болгон калктын, мекеме-ишканалардын дебитордук карыздарын жоюу максатында кандай иш-мерчемдер алып барылууда?

- Бүгүнкү күндө дебитордук карыздардын жалпы суммасы 105 806,6 сомду түзөт. Анын ичинен калктын карызы 64 529,3 сом. Өкмөттүн 2018-жылдын 22-майында чыгарган №249 токтомунда калктын карызын 20 пайызга кыскартуу тапшырмасы коюлган. Биз 21,2 пайызга кыскартканга жетиштик. Өткөн жылдарга салыштырмалуу калктын төлөмдөрү өз убагында төлөнүп жатат. Ал эми өнбөгөн эски карыздардын үстүнөн иш алып барып жатабыз.

- Сузакта трансформаторлорду калыбына келтирүү цехи кеңейтилип ишке берилген. Натыйжа берип жатабы?

- Иштен чыккан трансформаторлорду кайрадан калыбына келтирүү цехинде айына 10-15 даанага чейин трансформаторлор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Үстүбүздөгү жылы 120 даана трансформатор кайрадан калыбына келтирилди. Мындан тышкары, бул ишканада трансформаторлордун майларын тазалап иштетүүгө жана трансформаторлордон чыккан жараксыз ором зымдарын кайрадан жаңылап иштетүүгө шарттар түзүлгөн. 2018-жылы 1 тоннадан ашык жараксыз ором зымдарды жаңыладык. Өзүбүздө цех иштеп жаткандыктан компаниянын акча каражаттарын үнөмдөгөнгө жетиштик.

- Ар бир эле тармакта кызматкерлерге шарт жаратуу үчүн түрдүү багытта иш алып барылууда. Сиздерде кызматкерлерге кандай колдоолор болууда?

- Эң биринчиден жумушчуларга иштеген жерлерине шарт жаратып берүү үчүн имарттарды оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк, Аксы райондук электр тармактар ишканасына жаңы заман талабына ылайык, зарыл болгон жабдуулар менен камсыздалган имарат куруп бердик. Бүгүнкү күндө Сузак районунда эки участкалык бөлүмдүн курулуш иштери башталды. Кара-Дарыя айылындагы курулуштун капсуласы салынып, пайдубалы түптөлүп, учурда иш жүрүп жатат.

- Социалдык тармактарда энергетиктер айлык маяналарын убагында албай жатканы боюнча нараазычылыктар айтылып жатты. Азыр абал жөнгө салындыбы?

- Бул маселе жайында эмгек өргүүгө кызматкерлер көп чыккан учурда келип чыккан. Анткени жай мезгилинде керектөө азайып, акча түшүү солгундайт. Бүгүнкү күндө абал жөнгө салынды. Учурда сентябрь айынын айлык маянасы берилди. Ал эми октябрь айынын айлыгын бергени жатабыз.

- Өзбекстан аркылуу өткөн электр чубалгыларынын көчүрүлгөнү алгылыктуу иштердин бири болду окшойт. Электр жарыгы жете элек Кызыл-Бейит айылынын жашоочуларына күндөн энергия алуучу аппараттар акысыз орнотулду. Энергетика тармагын жакшыртуу үчүн алдыга коюлган пландарыныздарга да токтоло кетсениз.

- Ооба, союз маалында курулуп, коңшу Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөн электр аба чубалгыларынын тилкелери толугу менен Кыргызстандын аймагына куруу улантылууда. Учурда акыркы болуп курулган «Караван-Анашев» 35 кВ аба электр чубалгысынын 5 чакырымын ишке киргизүү боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө.

Ал эми энергетика тармагын жакшыртуу үчүн алдыга коюлган пландарга токтоло турган болсом, алдыда 6-10 кВ вакуумдук өчүргүчтөрүн орнотууну 2019-жылы да улантабыз, ошону менен бирге келерки жылы 2 даана 35 кВ чыңалуудагы вакуумдук өчүргүчтөрдү алмаштырууну да пландап жатабыз. «Шекафтар-Терек-Сай» 35 кВ аба чубалгысынын 9 чакырымы бүгүнкү күнгө кайрадан калыбына келтирилди. 2019-жылы да аталган аба электр чубалгынын 7 чакырымын калыбына келтирүү жумуштары улантылат. Темир-бетон мамыларын чыгаруучу цехи ишке киргизилет. Андан сырткары 35/10 кВ «Жаңы-Дыйкан» көмөк чордонунун курулушу башталат.

Быйылкы жылы курулушу башталган Сузак жана Ноокен район электр тармактарынын 3 участкалык бөлүмү ишке берилет. Мына ушул сыяктуу максаттарды коюп жатабыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×