Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 29.11.2018 08:15

«Эмне Үсөн өлсө, мен дагы өлөйүнбү»: Унаага таш менен сүрөт тартып, бассейнде «кылмыш» кылган эгиздер (сүрөт)

Turmush -  Эгиздер Асан Алимжанов менен Үсөн Алимжановдун балалык баео кыялы, тентектик кылык-жоруктары ата-энесин эч эриктирбей келет. Эгиздер учурда Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасындагы К.Осмонкулов атындагы №2 орто мектепте 2-класста билим алышат. Эгиздердин күлкүлүү жоруктары жөнүндө апасы Луиза Ибраимова аймактык кабарчыга айтып берди.

«Экөөнүн окуялары, жоруктары өтө көп. Эстесек күлүп жатып боорубуз эзилет. Кичинекей кезинде Асан "мен Үсөнмүн" десе, Үсөн "мен Асанмын" деп мени алдаганга аракет кылышчу. А, бирок мен аларды дайыма айырмалай алгандыгым үчүн кимиси ким экенин таап алчумун. Бир жолу базарга барып, автоунааны унаа токтотуучу жайга токтотуп, ичине экөөнү таштап, тез эле келебиз деп кеткенбиз. Ошондо экөө жөн отурбай атасынын унаасын оталдырып жүргүзүшүптүр. Дагы кудай сактап, эч нерсе болгон эмес. Аны жүргүзгөнү аз келгенсип эшикке чыгып, алдыдагы унаанын сыртын таш менен чийгилеп салышыптыр.

Бир жолу кыштын суук күндөрүндө айылдагы суу кеткен каналга Асан түшүп кетиптир. Дагы жакшы суу аз болчу. Ага Үсөн жардам бербей, үйгө чоӊ энесине айтып барыптыр. Анда чоӊ энеси "колунан тартып, чыгарбайт белеӊ" деп урушса, "ал өлсө, мен дагы өлөйүнбү" деп жооп берген экен. Чоӊ энеси урушарын билбей же күлөрүн билбей калыптыр.

Дагы бир эстен кетпеген окуялары бар. Бир жолу чоӊ бир бассейнге алып бардым. Анда көп майда балдар ары-бери чабак уруп, сүзүп жүрүшкөн. Айрымдары бири-бирине суу чачышып, каткырып күлүп, жыргап ойноп жатышкан. А, менин Үсөнүм бассейндин ичинде жуунуп жатып, чоӊго отуруп салыптыр. Бир маалда эле бассейндеги балдардын баары ызы-чуу болуп качып чыгышты. Көрсө ушундай бир "кылмыш" кылып койгон экен», - деди ал.

Апасынын айтымында, экөөнүн мүнөзү эки башка.

«Экөөнүн мүнөзү бирдей эмес. Асан ак көӊүл, айтканыӊа көнөт. Ал эми Үсөн кичине оор мүнөз. Тамак-ашты, баарын тандайт. Жаӊы төрөлгөндөн баштап эле экөөнү эч убакта алмаштырып алган жокмун. Анткени, Асан Үсөндөн чоӊураак болчу. Асан 2 кг 530 грамм төрөлсө, 15 мүнөттөн кийин артынан Үсөн 2 кг 450 грамм салмакта төрөлгөн. Бирок башка туугандарыбыз азыркыга чейин эле алмаштыра беришет. Бала бакчадагы эжекелери да айырмалай алышчу эмес. Экөө бирин-бири жакшы көрүп турушат. Бирок, ошого жараша тез эле чырдашып, уруша кетишет. Бири-бирине аябай атаандашат. Бирок бири бир жакка кетсе, экинчиси сурап издеп калат.

Мен экөөнү окшош кийинткенди жакшы көрөм. Чоӊ ата, чоӊ энеси да экөөнү аябай жакшы көрүшөт. Алар да дайыма окшош кийим алып беришет», - деди ал.

Эгиздердин Эмир, Демир аттуу эки иниси бар.

«Кызыгы үч баламдын туулган күнү 17-октябрь. Кудайымдын ушул берген белектерине ыраазыбыз. Балдарымдын келечеги кеӊ болсун деп тилек кылам», - деди апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×