Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 28.11.2018 17:46

Кара-Көл шаары күз-кыш мезгилине даярбы? (фото)

Turmush -  Ушул жылдын 27-ноябрында Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, сессияга 22 депутат катышып, 9 депутат жүйөлүү себептер менен катышкан жок. Күн тартибинде 11 жана сессиянын соңунда ар түрдүү маселелер каралды. Сессияда талкуу жараткан шаардын 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси болду.

Биринчи вице-мэрдин маалыматына караганда, №30 Жол тейлөө ишканасын эске албаганда мекеме-ишканалар күз-кышка 100%га даяр. Ал эми №30 жол тейлөө ишканасынын техникалык даярдыгы 45% экени буга чейинки сессияда айтылган. Учурда дагы ушундай эле көрүнүштө экенин айтып, ишкананын башчысынын кызматтык талаптарга жооп бербей жатканын айтты.

Мэр И.Еркеев 1-вице-мэрдин туура эмес маалымат бергенин айтып, №30 Жол тейлөө ишканасынын даярдыгы бар экенин, шаар 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилине 100% даяр экенин билдирди. Бул маселе боюнча депутаттар РЭСтин, муниципалдык менчик башкармалыгынын, билим берүү бөлүмүнүн башчыларына суроо беришти. Депутаттар №30 Жол тейлөө ишканасынын жетекчисинин ишмердүүлүгүнө сын-пикирлерди айтышты.

Алар Бишкек—Ош жолунун Кара-Көл менен Таш-Көмүр шаарларынын ортосундагы тилкеге түшкөн таштар өз убагында тазаланбай жатканын, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна тоскоолдук жараларын, былтыр кышкысын ал тейлеген жолдо көп тыгындар болуп, айдоочулар жана жүргүнчүлөр түйшүк тартканын айтышты.

Өз кезегинде №30 Жол тейлөө ишканасынын башчысы Э.Сейталиев кышка техникалар даяр экенин айтты.

«Учурда бир грейдер менен «КамАЗ» келди. Акчасын которсок бир жүктөгүч, эки кошумча техника, «Хово» унаасы келет. Мындан тышкары, 200 тонна туз, 2200 тонна кум бар. Ишкана кышка даяр», - деди ал.

Депутаттар сессиянын соңунда күз-кыш мезгилине даярдык маселесин бир добуштан колдошту. Ошондой эле, мэрге ишкананын башчысынын кызмат ордуна болгон жоопкерчилигин карап, тийиштүү чара көрүшүн айтышты.

Мындан сырткары, шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын, шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, ӨКМдин Кара-Көлдөгү бөлүмүнүн, Мамэкотехинспекциянын аймактык бөлүмүнүн, социалдык өнүгүү башкармалыгынын, маданият бөлүмүнүн башчыларынын жана ветеринардык участкасынын иштери боюнча маалыматтар берилип, маселе өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×