Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.11.2018 14:18

Жалал-Абадда өкүлдүн орун басары өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуунун жолун сунуштады (фото)

Turmush -  Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алууда айыл башчылар менен байланышууну колго алуу керек. Мындай пикирди өспүрүмдөр арасында катталган кылмыштуулукту талкуулаган жыйында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков билдирди.

Жыйында Жалал-Абад шаарына башка район-шаарлардан келген балдар жасаган кылмыштар боюнча маселе козголду. Маалым болгондой, өспүрүмдөр арасында катталган кылмыштын дээрлигин Сузак районуна келген балдар жасаган. Андан сырткары Базар-Коргон, Ноокен райондорунан жана Таш-Көмүр шаарынан келген бирден өспүрүмдөрдүн жасаган кылмыштары айтылды.

Жалал-Абад ШИИБдин башчысынын орун басары Нурбек Ташбаев жергиликтүү бийлик, билим берүү бөлүмдөрү менен тыгыз иш алып баруу зарылдыгын айтышты. Анткени райондордон шаарга балдар которулган менен ал жөнүндө маалымат качан гана сырттан келген бала кылмыш жасаганда жетүүдө.

«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, билим берүү бөлүмдөрү менен тыгыз иш алып барууну жөнгө салуу керек болуп турат. Райондо окуган мектепте кылмыш жасаган болсо, окуучунун ата-энеси акырын шаардагы мектепке которуп койгон учурлар да орун алды. Бирок ал окуучу шаарга которулганы жөнүндө маалымат өз убагында бизге келбей калууда. Райондон шаарга которулган балдар боюнча убагында бизге маалымат жетип турса, бул да кылмыштуулуктун алдын алууга жакшы кадам болот эле. Себеби биз балдар менен алдын алуу ишин жүргүзүп калабыз. Кылмыш жасагандан кийин ал башка аймактан которулуп келгенин билип калуудабыз. Анан да биздин каттарга район-шаарларга жиберген катыбызга учурунда жооп болбой жатат», - деп билдирди ал.

Ы.Ызабеков да акимчилик, мэрия жана билим берүү бөлүмдөрү иш алып баруу зарылдыгы күч экенин айтты.

«Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кылмышка аралашуусу боюнча маалымат керек болсо дароо эле ички иштер бөлүмдөрүнөн жашы жете элек өспүрүмдөр боюнча маалымат алып, ошону менен эле анализ жүргүзүп жатасыңар. Райондун же шаардын борборунда эле жыйын өткөрүп койбостон, кылмыштуулук катталган айылга барып, чогулуш өткөргүлө. Айыл башчылар менен тыгыз байланышта болгула. Айылдагы маалыматты айыл башчылар билет. Ушул сыяктуу рычагдарды пайдалануу шарт. Алыскы айылдарга барып жыйналыштарды өткөрүү керек. Жеринде иш алып барсак, кылмыштуулуктун азаюусуна салым кошкон болобуз», - деди Ы. Ызабеков.

Анын белгилөөсүндө, азыр ал айыл башчылар менен түз байланышып турат. Анткени акимдер, орун басарлар кабары жок маалыматты айыл башчылар билет. Өзгөчө ал айыл чарба эгиндерин эгүүдө айылдагы абалды ошол айыл башчылар аркылуу тактап аларын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×