Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 28.11.2018 11:02 На русском

Видео, фото — Сузактагы сойкуканадагы кыздар кожейкеси мажбурлап, кордогонун айтып беришти

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы Сузак районунун аймагында сойкукана уюштурулганын, ээси ал жердеги кыздарга кордук көрсөтүп, зомбулук менен иштетип жүргөндүгүн аныктады.

ОИИБдин маалыматына караганда, сойкукана уюштурган аял кыздарды алдоо жолу менен алып келип, жер үйдөгү короодон эч жакка чыгарбай, мажбурлап иштетип келген. Ал аялдан жабыркаган кыздардын бири бул жерде 2009-жылдан бери иштеп келгенин айтат.

«Менин эки балам бар. Бул жерге 2009-жылы келгем. Алгач жолдо турчубуз, андан кийин батирге чыктык. Кийин бизди эшикке чыгарбай, мажбурлап иштетип баштады. Иштей албай калсам жүрөгүм тарапка муштап, «өлтүрүп коём, сени эч ким издеп келбейт» деп коркутат. Анын ур-токмогунан улам бетимде, башымда тактар калды. Желкемде, денемде көк ала тактар калды», - дейт ал.

Ал эми сойкуканадан табылган экинчи кыз бул жайдын ээсине алданып калгандыгын билдирди.

«Жолдо такси тосуп турсам унаа токтоп, айдоочу эмнеге турганымды сурады. Такси күтүп турганымды айтсам, унаага отуруумду өтүндү. Анан мага жумуш сунуштады. Мени ушул үйгө алып келип таштап кетти. Ал жактан менден «денеңди сатып иштейсиңби?» деп сурашканда «жок иштебейм» десем, алар менин оорулуу экенимди билип, мажбурлап алып калышты. Сыртка чыгарбай, ошондон бери уруп-согуп, мажбурлап иштетип келет. Көптөгөн жаракат алдым», - деди ал.

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, атайын оперативдүү тергөө тобу түзүлүп, 26-ноябрь күнү аталган жайга тинтүү жүргүзүлүп, сойкулук менен алектенген бир нече кыздарды жана ал жерди иштетип жүргөн ээсин аныкташкан. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) негизинде кылмыш иши козголду.

Алардын тергөөгө берген көрсөтмөлөрүнө караганда, жашыруун жайды уюштурган айым кыздарды алдоо жолу менен жумуш таап берүү максатында алып келип, аларды жер үйдөгү короодон эч жакка чыгарбай камап, сойкулукка мажбурлап, ошол жерде иштетип жүргөн. Алардын арасынан 3 кыз кожойкеден жабыр тартып, ырайымсыз кордукка кабылгандыгын билдирип, милицияга арыз жазышкан.

Жабыр тарткан кыздар менен учурда психологдор иштешип, Жалал-Абад шаарындагы калыбына келтирүү борборуна жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×