Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 28.11.2018 09:51

ӨКМдин башчысы Сузакта жер көчкү коркунучу бар аймактын эли менен жолукту (фото)

Turmush -  Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жер көчкү коркунучу бар аймакта жашап жаткан тургундар менен жолугушту.

Аймактык кабарчы билдиргендей, министр Сузак районундагы кооптуу аймактар менен таанышып, жер көчкү түшүү коркунучу бар Кызыл-Туу айыл аймагынын Акчалуу, Ак-Терек, Соку-Таш, Ак-Булак сыяктуу айылдарынын жашоочулары менен жолугушту. Анда Ак-Булак айылында 20 үй-бүлө үйүн таштап, жакындарынын үйлөрүндө жашоо кечирип жатышканы айтылды. Жер тилкеси тийбей калганын айтып, нааразы болгондор да болду.

Ак-Булак айылынын тургуну Жыпаркан Апысова 2 жылдан бери өз үйүн көчкү коркунучу бар аймакка калтырып, 5 баласы менен ижарада күн кечирип жатканын айтат.

«3 жыл болду, айыл өкмөткө жер тилкесин сурап, арыз жазганбыз. Бирок ушул күнгө чейин такыр жооп болгон жок. Эл чогулуп дагы кайрылганыбызда 40 гектар жер трансформация болуп жатканын айтып, бирок дагы деле аягына чыкпай жатканы айтылган. Өзүбүздүн үйүбүз адырдын түбүндө болгондуктан, аны таштап, айыл жакка келип, туугандарыбыздын үйүндө күн кечирип жатабыз. Ал үй да каралбай, эскилиги жетип калган экен, 5 балам, жолдошум менен жашап жатабыз», - дейт жергиликтүү тургун Ж.Апысова.

Жергиликтүүлөр ушул сыяктуу пикирлерин айтышты. Ал эми Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Мирланбек Калматов учурда айыл өкмөттө 364 кожолук кооптуу аймакта жайгашканын, бирок эки жылдан бери 40 гектар аянтты трансформациялоо боюнча аракеттер жүрүп жатканын мындайча түшүндүрөт.

«Кызыл-Туу айылында жалпы 20 айыл болсо, анын 12си өзгөчө кырдаалдар коркунучу бар делген кызыл тилкеде турат. 2016-жылы 302 адамга жер тилкелери берилген. Азыркы тапта анын ичинен 6 адамга жер тилкелери бериле элек. Мындан сырткары, бүгүнкү күнү 364 кожолукка дагы жер тилкелерин берүү зарылчылыгы жаралып, 40 гектар жерди трансформациялоо үчүн тийиштүү тараптарга жөнөткөнбүз. Эгер уруксат берилсе эле жер тилкелерин кооптуу аймактагыларга берилет», - деди ал.

Ал эми министр Нурболот Мирзахмедов жергиликтүүлөрдү ӨКМ тарабынан берилген эскертмелерге көңүл бурууга чакыруу менен жер тилкесин алгандар көчүүгө аракет кылышы керектигин белгиледи. Ошондой эле аткарылып жаткан иштер боюнча да маалымат берди.

«Кооптуу аймакта жашагандардын арасында жер тилке алганына карабастан көчпөй жаткандар бар экени айтылгандыктан жеринде тактап чыгуу маселеси каралды. Ал эми эл менен жолугушууда кооптуу аймакта жашагандар арасында жер тилке ала электер «жер берсеңер эле болду, ссуданын кереги жок» деген пикирлерин айтышты. Бул маселе дагы каралат. Учурда кооптуу аймакта жашагандарды көчүрүү үчүн Өзгөн, Алай, Чон-Алай жана Базар-Коргон райондорунда жерди трансформациялоо маселеси боюнча документтер келип, ал өкмөттө каралууда. Ал эми Сузактан документтер келбегендиктен каралган эмес. Бул боюнча тактоо иштери жүрөт», - деди министр.

Жалал-Абад облусунда 1821 үй-бүлө кооптуу аймакта күн кечирүүдө. Алардын ичинен 1280 үй-бүлө буга чейин мамлекеттик жардам жана жер тилке алганына карабай көчкөн эмес. Ал эми 541 кожолук жер тилке ала элек. Ал эми өлкөдө 5800дөй адам кооптуу аймактарда жашаса, 2800дөй адам жер тилкесин, ссуданы алганына карабастан өз үйлөрүндө жашоосун улантып келет. 2 миңдей адам мамлекеттен жардам, жер тилкесин да алган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×