Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 28.11.2018 08:39 На русском

Сүрөт — Сузакта сойкукана табылды. Кожойке кыздарды сойкулукка мажбурлап, сыртка чыгарбай камап койгон

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы Сузак районунун аймагында сойкукана уюштурулганын, ээси ал жердеги кыздарга кордук көрсөтүп, зомбулук менен иштетип жүргөндүгүн аныктады.

ОИИБдин маалыматы боюнча, атайын оперативдүү тергөө тобу түзүлүп, 26-ноябрь күнү аталган жайга тинтүү жүргүзүлүп, сойкулук менен алектенген бир нече кыздарды жана ал жерди иштетип жүргөн ээсин аныкташкан. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) негизинде кылмыш иши козголду.

Алардын тергөөгө берген көрсөтмөлөрүнө караганда, жашыруун жайды уюштурган айым кыздарды алдоо жолу менен жумуш таап берүү максатында алып келип, аларды жер үйдөгү короодон эч жакка чыгарбай камап, сойкулукка мажбурлап, ошол жерде иштетип жүргөн. Алардын арасынан 3 кыз кожойкеден жабыр тартып, ырайымсыз кордукка кабылгандыгын билдирип, облустук милицияга арыз жазып, учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Жабыр тарткан кыздар менен учурда психологдор иштешип, Жалал-Абад шаарындагы калыбына келтирүү борборуна жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×