Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 27.11.2018 15:38 Жаңыланды: 27.11.2018 18:06 На русском

«Апам экөөлөп бастырып алабыз»: Алинур менен Райхандын баш кошуусуна майыптык араба тоскоол болгон жок (фото, видео)

Turmush -  Алинурдун майыптык арабада отурганына карабастан Райхан аны менен бирге түтүн булатууну тандады. Жаңыдан үй-бүлө күткөн эки жаштын ортосундагы сүйүүгө майыптык араба тоскоолдук жараткан жок. Тескерисинче жакындары экөөнүн үйлөнүүсүн колдоп, кубаттап жатышат. Бирок кыз тараптан каршылык билдиргендер да болбой койгон эмес. Аймактык кабарчы жаңы үй-бүлө курган түгөйлөр менен баарлашты.

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Терек-Суу айылынын тургундары Алинур Жуматаев менен Райхан Раманкулова үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын башында баш кошушту.

Алинур 23 жашта, үй-бүлөдө үч бир тууган, өзүнөн улуу эки эжеси бар. Апасынын жалгыз жана кичүү уулу. Ал башкалар сыяктуу эле ден соолугу чың болуп төрөлүп, өзү теңдүү курдаштары менен мектепти аяктаган. Орто мектепти бүткөн соң башкалар сыяктуу мигрант катары Якутияга кетип, 2 жыл иштеп келген. Айылына, апасына болгон кусалыгы тарап, кайрадан Якутияга кетүүгө даярданып жаткан. 2016-жылдын 11-апрель күнү айылдаш досунун туулган күнүн Чычкан капчыгайындагы кафелердин биринде белгилеп, айылына жеткенде кокустан 4 классташ бара жаткан унаа кырсыкка учураган. Бул кырсыктан Алинур катуу жабыркап, оор абалда ооруканага жеткирилген. Бактыга жараша ал аман калып, бирок эки буту кыймылдабай, төшөктө жатып калган.

Алинурдун айтымында, ошол оор күндөрүн апасы кабак-кашым дебей көтөрүп, аны дайыма кубаттап келген.

«Төшөктөн тура албай, көп жатып калдым. Жөргөлөмөк тургай бир тарабыма оодарылуу да кыйын болчу. Ошол оор күндөрүмдө апам кыйналганын билдирген да жок. Көңүлүмө карап мамиле жасап, мени дайым колдоп турду. Жакшы болуп калганда апам күндүз жумушуна кетет, үйдө өзүм жалгыз калып зерикчүмүн. Көп ой басып, кыжаалат болчумун, апамды аяп кайгыра берчүмүн. Түрдүү ойлорду ойлоп жан дүйнөм кыйналчу. Ошондой күндөрдүн биринде, ошол эле жылдын декабрь айында айылдашым Райхан менен социалдык баракча аркылуу жазышып калдым. Күндүз көпчүлүк убактымды Райхан менен байланышып, сүйлөшүү менен жазышуу менен өткөрүп, алаксып жаттым. Экөөбүз 2 жыл сүйлөшүп, быйыл баш коштук. Райхандын да ата-энеси каршы болбостон, бизди колдошту. Ушул нерсе мага көп нерсеге үмүт берди», - дейт Алинур.

Анын айтымында, кайын журтунун, өзүнүн туугандарынын колдоосу да ага дем, күч берди. Азыр ал үйүндө тынбай спорт менен машыгууда. Көксөгөнү кайрадан мурункудай ээн эркин басып кетүү. Бул үмүт жаш жубайларда күчтүү жана өз аракеттерин жасап жатышат.

«Башында жаткан жеримден кыймылдай албай кыйналсам, азыр кичинекей балдардай эле жөрмөлөйм, кас-кас тура баштадым. Буйруса өз аракетим менен басып, мурунку калыбыма келем деген үмүтүм бар. Тынбай спорт менен машыгып жатам. Мурункуга караганда жылыштар абдан жакшы болууда», - дейт Алинур.

Райхан Раманкулова 18 жашта, ал үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү. Быйыл айылдагы мектепти аяктаган соң Улуттук университеттин педагогика факультетинде билим алып баштап, студент болуп жүргөн. Кайын энеси экөөнүн сүйлөшүп жүргөнүн билип, Райхандын үйүнө куда түшүп барып, ноябрь айында эки жаш баш кошушту.

«Биз кичинебизден эле бири-бирибизди көрүп жүрчүбүз. Эмнегедир Алинур мага жакчу эмес, башкача пикирде элем. Аны менен жакындан сүйлөшкөндөн кийин гана жакшы адам экенин билдим. Мен жаңыдан сүйлөшүп баштаганда эле ата-энем билчү, ошол үчүн алар турмушка чыгуума каршы болушкан жок. Ата-энемдин туугандары: «майып балага турмушка чыкпай эле кой» дешип каршы пикирлерин айтышты. Бирок алардын ойлорун уккан деле жокмун. Анткени жолдошумдун басып кетээрине ишенем. Апам экөөлөп аны бастырып алабыз. Бул нерсе ар бир адамдын башына келиши мүмкүн. Ошондуктан сын тагууга эч кимибиздин акыбыз жок.

Мен борбордо окуп жаткандыктан апам (кайненеси) кыжаалат болду окшойт. «Пикириңер өзгөрө электе турмуш кургула, убакыт өтө берет» деп, биздин тоюбузду эртелетти. Бирок мен борбордо канча жыл окусам деле Алинурга болгон пикирим өзгөрмөк эмес. Буйруса окуумду аягына чейин окуп, диплом алам. Үйдөгүлөр дагы менин окуумду улантуумду кубатташты», - дейт Райхан Раманкулова.

Үйлөнүү той да алар үчүн кызыктуу көз ирмемдер менен өттү.

«Тойго келгендер көп болгондуктан, аябай сүрдөдүк. Менин беттерим кызарып чыкты, бетиме жабылган тордон улам элге билинбеди болуш керек. Тойдо баары бир башкача сезимдер болот экен. Баары бизди колдоп, жакшы тилектерди айтып, баталарын беришти», - деп кошумчалады Райхан.

Эки жаштын үйлөнүү тоюнда тартылган кыска видео социалдык тармактарга тарап, көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Анда Райханга карата «Азамат кыз. Миллион кыздын бири гана ушул кадамга барат» деген сыяктуу пикирлер жазылып, чын дилден бакыт каалап жатышкандар арбын.

Алинурдун апасы Базарбү эжеге арнап ыр жазган айылдашы Гүлмайрам Асылбек кызы аны тойдо окуп берди.

Базарбү эжеге

Бакыт тилеп, өмүр тилеп жаштарга,
Базарбү эже ак той берип жатканда.
Айта салыш оңой дүжүр сөздөрдү,
Аздык кылат жазса бир чоң дастанга.

Алинур чоң кырсыкка тушугуп,
Анда эженин эт жүрөгү тытылып.
Көргүчөктү аман-эсен баласын,
Көлчүк болгон, көз жашы аккан сызылып.

Учур болду уктабаган... уктаган,
Убак болду эже ичинен сыздаган.
Күлүп жайнап, кадимкидей жадырап,
Күн болгон жок жумушуна чыкпаган.

Эми айтпайлы өткөн менен кеткенди,
Эжебиздин кудайга үнү жеткенби?
Алинуру Райканга баш кошуп,
Азыр минтип той тойлогон кез келди.

Баспаганды «майып» деген жаңылат,
Башы амандар бардык дарттан айыгат.
Алинурду алып кетет жетелеп,
Алган жары сүйүү менен дарылап!

Көктө ойногон адам уулу канатсыз,
Көк деңизди жиреп кирет калаксыз.
Бардык нерсе акыл менен жасалат,
Баскандардын көбү майып, жараксыз.

Кудай берди кубанычты ченегис,
Кубандык биз кубангандай эжебиз.
Жытын жыттаар неберенин күн келет,
Жыл айланса жентек тойго келебиз!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×