Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 27.11.2018 11:44 На русском

«Тагдыр»: 2 жаштагы Татына Айымдын өмүрүн сактап калуу үчүн агасы донор болууга даяр (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Коткор айылынын тургуну Зулфия Айдарова 2 жаштагы кызынын өмүрүн сактап калуу үчүн коомчулуктан жардам сурайт. Эки жаштагы Татына Айым Сагынбаева сөөк аплазия оорусу менен жабыркап келет.

Зулфия Айдарованын айтымында, акыркы 8 айда кызынын ден соолугу кескин начарлап, кан кусуп, кан аралаш заң чыгарып калган. Дарыгерлер эки ай аралыгында чет өлкөдө операция жасалбаса кеч болуп каларын эскертишкен. Учурда наристеге ар бир айда кан куюп туруу зарыл.

«12 жыл күтүп, кыздуу болгонбуз. Кызымдын бул дартка чалдыкканына 1,5 жылдан өтүп калды. Кыргызстандын ичинде көрсөтпөгөн дарыгер калбады. Анализ тапшыргандан кийин дарты аныкталды. Бул ооруга чалдыкканда сөөктүн ичиндеги чучук кан иштеп чыга албай калат экен. Башында ар бир эки күндө кан куйдуруп турчубуз. Кийинчерээк бир айда бир жолу куйдура баштадык. Бирок кээде куйган кан кайра заарасы менен чыгып кетет. Ушул күнгө чейин 20 жолу кан куйдурдук. Анын ар бирине 10-15 миң сомдон жушадык. Жалал-Абаддан Ошко келип кеткен жол киребизге да бир топ акча сарпталат. Бул каражатты ай сайын табуу кыйын болуп жатат», - деди З.Айдарова.

Дарыгерлер Татына Айымга Индияда операция жасатууну сунушташкан. Каржы маселеси чечилсе анын 14 жаштагы агасы донор болууга даяр.

«Кан куйган учурда кызымдын тамыры табылбай кыйналат. Азырынча атасы жана байкеси донор болуп жатат. Атасы "чет жакка чыгып иштеп келейин" дейт, бирок кызына кан бериш керек. Дарыгерлердин айтымында кызымды Индияда толук дарыласа болот экен. Ал эми операцияга 35 миң доллар керектелет. Ошондуктан кайрымдуу кыргыз элимден жардам сурайм. Каражат табылса, уулум донор болот. Кызым абдан кыйналып кетти», - деди З.Айдарова.

Банктагы эсеп: БИК: 135031

ОКПО: 28052754

ИНН: 29009198100450

Мирзаев Жолдошали Сагынович, атасы 135056201830207 («Айыл Банк» АКК)

Байланыш үчүн телефон номур: 0779458901

Сөөктүн аплазиясы кан системасынын оорусу болуп эсептелет. Бул ооруда клетканын бардык түрлөрү: лейкоцит, тромбоцит, эритроциттер иштелип чыкпай калат (панцитопения).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×