Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 15.12.2018 17:35 На русском

Айыл турмушу: Дронду тик учак деген коңшулар, «Тиконун» багажындагы кызыктар: Оператор Шердин окуялары (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 20 жаштагы тургуну Шер Осмонов 5 жылдан бери тойлордо операторлук кызматты аркалап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мектепте окуп жүргөндө эле бул тармакта иштеген агаларына жардам берип жүрчү. Мектепти аяктагандан кийин өзүнүн каражатына жабдууларды сатып алып, оператор болуп иштөөдө.

«Мектепте окуп жүргөндө компьютер, камера сыяктуу техникаларга кызыгуум күч болчу. Анткени, айылда аталаш туугандарыбыз тойлорду видеого тартып, аны дискке чыгарып беришчү. Мен дагы мектептен чыккандан кийин аларга жардам берип жүрүп, камера менен иштегенди үйрөндүм», - дейт Шер.

Ал агаларына жардам берип жүрүп тапкан каражатына дрон андан кийин музыкалык аппарат сатып алган.

«Мектепте окуп жүргөн кезимен баштап топтогон каражатыма эки дрон, камера жана музыка коючу аппараттарды сатып алдым. Азыркы тапта тойлордо кызмат кылам. Өзгөчө күзүндө тойлор көбөйөт эмеспи. Аймакта кардарлар бири-биринен угуп, мага кайрылышат. Кээ бири: «өткөндө кошунабыздын тоюн тик учак менен тарткан турбайсыңбы, биздикин дагы тартып бер», - деп келишет. Ошондой эле, жакшылык ээси сөзсүз ат аюндарын өткөрөт. Мунун баарын эстелик катары видеого тартууну өтүнүшөт.

Бир жолу улакчыларды тартып жүрүп, үйүр аттардын түбүндө калып кеткен учурум болгон. Ошондой эле, үлпөт тойлордо кортеждерди тартып жүрүп, көп кызыктуу окуяларга туш болгом. Мисалы, Жалал-Абадда көбүн эсе операторлорду «Матиз» же «Тико» үлгүсүндөгү унааларга отургузуп тарттырышат. Аны менен чоң жолго чыкканда көп кыйынчылыктар болот. Бир күнү Базар-Коргон районунун Каба айылына келиндин үйүнө баратканбыз. Мен «Тиконун» багажнигинде кортежди тартып бараткам, бир учурда бийик дөңсө бар экен, ошол жерге жеткенде унаадан учуп түшүп, камера сынып калбасын деп кучактап алып, тоголонгонум эсимде. Бир күнү тойду дрон менен тартып жатып, байкабай даракты сүзүп, дрондун канаттарын сындырып алган элем», - дейт Ш.Осмонов.

Учурда ал Жалал-Абад шаарындагы маданият техникумунда элдик фольклор факультетинде бүтүрүүчү курста окуйт. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×