Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 27.11.2018 09:27

Чаткалдын Терек-Сай айылында 7 млн сомго курулган төрөт үйү ишке берилди (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Терек-Сай айылында төрөт үйү курулуп, 26-ноябрда пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, айылда төрөткана жок болгондуктан, кош бойлуулар 20 чакырым алыс жайгашкан Ала-Бука районуна барууга аргасыз болуп келишкен.

«Курулушка кен казган тараптан жана районду өнүктүрүү фондунан 7 млн сом бөлүнүп, төрөткана баардык шарттары менен курулду. Төрөт үйү 4 адамга ылайыкташкан», - деди Б.Аширбаев.

Терек-Сай айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты союз учурунда жатакана, кийин оорукакана болуп иштей баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×