Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.11.2018 21:46 На русском

Жалал-Абадда 1,3 млн сомго жаңы жылдык балаты орнотулууда (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында быйыл биринчи жолу жасалма балаты орнотулууда. Бул тууралуу шаардык коммуналдык-чарба жана көрктөндүрүү департаментинин башчысы Саид Жакыпов билдирди.

Анын айтымында, бул үчүн тендер жарыяланып, «Турат-Дизайн» ЖЧКсы 1 миллион 370 миң сом утуп алган. Учурда орнотуу иштери жүргүзүлүп жатат.

«Быйыл жаңы жыл майрамына шаарды көрктөндүрүү жана балатыны кооздоо үчүн шаардык казынадан 2 млн 300 миң сом каралган. Тендер жарыяланып, андан 1 млн 370 миң сомду Ош шаарындагы «Турат-Дизайн» компаниясы утуп алып, учурда балаты орнотуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Ал эми калган 800 миң сом шаардын жасалгасына жумшалып, ал үчүн да тендер жарыяланган. Жаңы жылдык балаты 15-декабрга чейин толугу менен бүткөрүлөт. Анын бийиктиги 25 метрди түзөт. Буга чейин арча орнотулуп келсе, быйыл жасалма балаты орнотулат. Борбордук аянт өзгөчө кооздукка бөлөнөт», - дейт С.Жакыпов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×