Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 26.11.2018 17:09 Жаңыланды: 26.11.2018 18:31 На русском

Мигранттын жашоосу: Жазгүл Карабекова карыздарын төлөө үчүн түнкүсүн таксист болсо, күндүз бала багат (сүрөт)

Turmush -  37 жаштагы Жазгүл Карабекова Москва шаарында түнкүсүн таксист, күндүз бала багуучу болуп эмгектенип келет. Ал бул шаарга жолдошу менен карызын төлөө үчүн келгенин аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

таксист 4

Жазгүл айым бөтөн жер, бөтөн элде мигрант болуп иштеп калам деп ойлогон эмес.

«Айла канча, бул жакка жыргаган адам келбейт экен. Кыргызстандагы жашообуз жакшы болчу. Күйөөм экөөбүз Ноокенде 100 гектар жерди ижарага алып, иштете баштаган элек. Анын 60 гектары суу жетпеген жер болчу. Өзүбүз суу чыгарып пахта, сафлор, буудай өстүрдүк. Акыркы убакта эгинге көп каражат коротуп, бирок түшүм жакшы болбой жатты. Пайда таппай, тескерисинче карыз болуп баштадык. Ал арада жердин ижара акысын төлөй албай, бардык техника, шаймандарды сатууга туура келди. Анда да карыздардан кутула албай, банкрот болдук. Банктардагы карыздын пайыздары өсүп, андан сырткары башка карыздарыбыз да көбөйүп кетти. Бардык нерселерибизди сатып, айтор карызга батып кеттик. Акыры айла жок, 2012-жылы үй-бүлөбүз менен Москвага келдик. Башында ар кандай жумуштарда иштеп жүрдүк. Жолдошум "КамАЗ" айдачу, багы жокко дагы жок болуп, бир күнү анын унаасын уурдап кетишти. Ортодо аны да төлөп бердик», - деди Ж.Карабекова.

таксисит

Жазгүл Карабекова бала багуучу болуп жумушка орношкон. Ал эми таксист болуп иштеп жатканына үч ай толгонун айтты.

«Жолдошум да такси айдайт. Өзүм эки жумушта — бала багуучу жана таксист болуп иштейм. Мен багып, карап жаткан балдар мектепке барбаса, күндүзгү саат он экиден жети жарымга чейин алар менен болом. Жети жарымдан баштап, кээде андан да кечирээк таксист болуп эмгектенем. Көпчүлүк учурда түнкүсүн иштегенге туура келет. Акыркы убакта аз уктап, көп иштеп калдым. Таксист болгонума эми гана үч ай болду. Жаңы иштеп баштаганда Москванын жолдорун жакшы билбейт элем. Башында аябай кыйналып жүрдүм, жолдордон адашып, айрым жүргүнчүлөр орой мамиле жасашчу. Жакында эле жашы улуу кишини айткан дарегине алып барсам, акчасын бербей, түшүп кетти. Унчуга албай кала бердим. Ал киши мигрант болгонум үчүн мени жактырбай жатканы сезилип турду.

Бир жолу кардарлардын бирин дарегине жеткирүү керек болуп калды. Кардар кыз экен, жигитине чалып 5 мүнөттө жетерин айтты. Мен жолду таппай, жакын жердеги даректи билбей, айланып жүрө бериптирмин. Жигит да, кыз да түшүнүктүү адамдар экен, мени туура түшүнүштү. Ошентип башында бир ай кыйналып жүрдүм. Жолдошумдун таксист болуп иштегенине үч жылдан ашты», - деди ал.

1111

Жазгүл айым Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну. Жолдошу экөө Россияга 3 кызын кошо ала кетишкен. Учурда улуу кызы 9-класста, ортончусу 6-класста, ал эми кичүүсү 2-класста окушат.

«Бул жакта тапканыбыз насыя жана элден алган карыздарыбызды төлөөдөн артпайт. Мындан сырткары каржатты балдарымдын кийимдерине, тамак-ашына, батирдин ижара акысына жумшайбыз. Азырынча бул жакта иштеп, насыя, карыздарыбызды төлөп алсак деп жүрөбүз», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×