Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 23.11.2018 18:58

Чаткал, Аксы, Ала-Буканын эли ОИИБдин башчысына кандай маселелерди айтышты? (фото)

Turmush -  Аймактык участкалык инспекторлор тейлеген аймагында гана жашашы керек. Мындай пикирди Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Кылыч Жолдошов алыскы райондорунда жергиликтүү калк менен жолугушууда билдиргенин аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, ал участкалык инспекторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүү зарыл экенин айтты.

ОИИБдин башчысынын эл менен жолугушуусу алгач 20-ноябрда Чаткал районунун Терек-Сай айылынын маданият үйүндө өтүп, Чаткал районунун акими Канжар Эшалиев, администрация өкүлдөрү, Чаткал РИИБдин өздүк курамы, Кызыл-Токой, Терек-Сай айылынын эли катышты. Жыйында райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы аткарылган жумуштары тууралуу баяндама берип, жарандардын суроолоруна жооп берди.

2 саатка созулган жыйында социалдык маселелер, аймактагы чет элдик компаниялардын ишмердүүлүгү, алтын кен казуу иштери багытында суроолор көп болуп, район акими баш болуп, тиешелүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жооп беришти. ОИИБдин башчысы да баардык аракеттер мыйзам чегинде болуусун эскертип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Ал эми 21-ноябрда 300 адамдын катышуусунда Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын кеңешме залында жана Аксы райондук маданият үйүндө 400 адамдын катышуусунда дагы жолугушуу өттү.

Жыйында негизинен жаш өспүрүмдөрдүн тарбиясы аны менен бирге ата-энелердин жоопкерчилиги, үй-бүлөлүк чыр-чатактардын алдын алуу, үлпөт тойдогу кортеждерди жөнгө салуу көйгөйү көтөрүлдү. Ошондой эле, чек арага чектеш аймактардагы мал уурулук фактылары да айтылды. Жалал-Абад ОИИБдин башчысы ар бир сунуш көйгөйдү өз убагында чечүүгө жана иш жүзүндө натыйжасы болооруна убада кылды.

Алсак, жол кыймылынын коопсуздугу багытында рейд уюштурула турган болду, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана аймактык кызматкерлерге айтылган сунуштарына карата тез арада иш багыттарын жандандырууга тапшырмалар берилди», - деп айтылат маалыматта.

Мындай жолугушуулар буга чейин Жалал-Абад шаарында, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак райондорунда өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×