Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кербен 23.11.2018 15:27

Жалал-Абадда жолдун чуңкурларын таксисттер өздөрү жамай башташты (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Үч-Коргон—Шамалды-Сай унаа жолундагы чуңкурларды жергиликтүү жашоочулар өздөрү жамай башташты. Бул тууралуу таксист Кыял Доронбеков билдирди.

Анын айтымында, быйыл айдоочулар жолдун 6 чакырымын өздөрү оңдошот.

«Быйыл жол тейлөө ишканасы жолду оңдогон жок. Жаан-чачын учурунда жолдордо чуңкурлар көбөйүп, унаа жүргөнгө кыйын болуп калды. Айлабыз кеткенде Шамалды-Сай—Кызыл-Жар каттамында иштеген таксисттер чогулуп, каражат топтоп, өзүбүз оңдоп баштадык.

Учурда таксисттер жана айыл эли кезектешип, жолдогу чуңкурчаларга шагыл менен цементтин аралашмасын куюп жатабыз. Бир апта аралыгында 14 мүшөк цемент төктүк, эми жамгыр жаабаган күндөрү ишти улантабыз. Биз баштаган ишке жол тейлөө мекемеси, бийлик өкүлдөрү көңүл буруп, жардам көрсөтүшөт деген үмүттөбүз», - дейт айдоочу К.Дооронбеков.

Кызыл-Жар—Шамалды-Сай жолу 12 чакырымды түзөт. Жол курулгандан бери оңдоп-түзөөдөн өтө элек, жыл сайын утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлөт. Быйыл оңдоо иштери дээрлик болгон эмес.

Үч-Коргон айыл өкмөтүндө 18 миңге чукул адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×