Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 23.11.2018 15:04

Ноокендик жаштар СПИДге каршы жөө жүрүшкө чыгышты (фото)

Turmush -  Ноокен районунда ВИЧ/СПИД оорусуна каршы күрөшүү багытында бир нече иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ВИЧ/СПИД илдетине каршы күрөшүү өнөктүгүнүн бир айлык акциясына жана 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата жөө жүрүш уюштурулду. Ноокен районунун Сакалды айыл аймагында өткөн жөө жүрүшкө билим берүү мекемелеринин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана жаштар катышты.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында көргөзмөлөр уюштурулуп, ар түрдүү слайддар көрсөтүлүп, сүрөттөр сынагы өттү. Ошондой эле интермедиялар аткарылып, жаштарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×