Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 23.11.2018 13:30 На русском

Үйлөнчү кыздан келе жатышкан: Сузакта үч классташ каза болуп, чогуу жерге берилди (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таштак айылында жол кырсыктан каза болгон үч классташтын сөөгү 21-ноябрда жерге берилди. Бул тууралуу маалыматты айылдаштары тастыкташты.

Маалыматка караганда, 1996-жылы туулган З.у.Р. өзүнүн «Тойота-Вич» үлгүсүндөгү унаасын башкарып келе жатып, Жалал-Абад—Казарман жолунун 1-чакырымында, тактап айтканда Сафаров айылында жол кырсыкка кабылган. Ал жолдун боюндагы турак үйдүн дарбазасын сүзүп токтогон. Унаада 4 классташ жигит бар болчу.

Жол кырсыктын кесепетинен айдоочу, жүргүнчү катары келе жаткан Ж.у.Т. окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми К.у.Ө. жандандыруу бөлүмүнө түшүп, ошол бойдон өзүнө келген эмес. Бирөө гана облустук оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Каза болгон айдоочунун жакындары денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.

Айылдаштарынын маалыматына караганда, кырсыкка кабылгандардын баары жакын достордон болушкан. Алар Бишкек шаарында эмгектенишчү. Досторунун бири үйлөнүүнү пландап жаткандыктан, алар чогулуп келишкен. Ошол күнү алар досу үйлөнө турган кызга жолугуп, кайтып келе жатканда кырсыкка кабылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×