Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 22.11.2018 14:10 Жаңыланды: 22.11.2018 18:06 На русском

Фото, видео — Жалал-Абадда бала бакчадагы балдарды урган делген тарбиячы иштен алынды. Ата-энелер эмне дейт?

Turmush -  Жалал-Абад шаарында айрым ата-энелер балдарга кол көтөргөн №21 бала бакчанын тарбиячысына карата чара көрүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ата-энелердин бири Диля Шарапованын айтымында, ал кызынын денесинен көк ала тактарды көргөн.

«Мен дайыма жумушта болгондуктан кызымды шаардагы №21 бала бакчага тапшырып кетем. Бир күнү кызымды адаттагыдай бакчага таштап кетип жатсам, тарбиячынын Мубина деген жардамчысы: «Эже, бул жерде балдарды кордошот экен, айрымдарын тарбиячы уруп, чымчып салат», деди. Бирок мен анын сөзүнө маани берген эмесмин. Бир күнү бала бакчадан келген кызымдын кийимдерин которуп жатсам, жамбаштары көгөрүп калганын көрдүм. Кийин бети, кулагы көгөрүп келди. Ошондо да шоктук кылса урушуп койгондур деп ойлогом.

Бакчага дагы барсам, «кызыңыз парданы жылдырганда тарбиячы анын тизелерин чымчып салды, кызыңыз ыйлап жиберди» деп айтышкандыктан, мен эгер дагы бир жолу балдарды урса, видеого тартып берүүнү өтүндүм. Ошентип, мага балдарды сабап жаткан видеону тартып жөнөтүштү. Ал видео интернетке тарап кетиптир. Ошондон бери кызым эртең менен бакчага барбайм деп ыйлап жатат. Балдарга кол көтөргөн тарбиячыга карата мыйзам чегинде чара көрүлсүн», - дейт нааразы болгон Диля Шарапова.

Дагы бир ата-эне буга чейин ушул бала бакчадан кызынын колу сынганын кошумчалады.

«Үйгө кызымдын оозу, мурду канжалап барса, кызым шок экен деп маани бербей жүргөм. Буга чейин кызым колун бакчадан сындырып келген. Эми тарбиячылар өздөрү уруп, сабаганын көрүп жатам», - дейт ал.

Ал эми шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев төмөнкү окуядан кийин чукул чогулуш кылып, чара көрүлгөнүн айтат.

«Бул иш боюнча аталган бала бакчанын тарбиячыларына карата чара көрүлдү, башкача айтканда балдарды урган деп айтылып жаткан тарбиячыны жумуштан бошоттук. Бүгүн бала бакчалардын жетекчилерин чакырып, чукул чогулуш кылып, тарбиячыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү дайындадык», - деди Ы.Калчаев.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы бала бакчадагы балдарга кол көтөргөн тарбиячынын үстүнөн милицияга арыз түшкөнүн жана анын негизинде тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирген.

Жалал-Абад шаарында 22 мамлекеттик бала бакча бар. Анда тарбияланган балдардын саны 4,5 миңге жакын. Мындан сырткары 7 жеке менчик бала бакча иштейт.

Буга чейин социалдык тармактарда Жалал-Абад шаарындагы бала бакчада тарбиячы балдарга кыйкырып, аларга кол көтөрүп жаткандыгы тууралуу видео тараган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×