Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 22.11.2018 10:00 На русском

Аксыдагы мал базарда асманга ок чыгарган эркек кишиге сот өкүмү чыкты

Turmush -  Аксы райондук соту Ш.Русландын кылмыш иши боюнча чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Руслан эмне үчүн айыпталып жатат?

2018-жылы 6-июнда болжол менен саат 10:30 чамасында Руслан Кербен шаарындагы мал базарда атасы менен агасын белгисиз адамдар ур-токмокко алып жаткандыгын уккан. Жакындарына жардам берүү максатында айыпталуучу үйүнөн травматикалык тапанча алып, базарды көздөй эл чогулган жерге жөнөгөн. Ал жерде милиция кызматкерлери иштеп жаткандыгына карабай асманга 3 жолу ок чыгарган. Андан кийин Руслан милиционерлер тарабынан кармалган.

Руслан өзү эмне дейт?

Аталган күнү Русланга телефон аркылуу «мал базарда атаң менен агаңды сабап жатат» деген кабар түшкөн. Ал травматикалык тапанча алып, достору менен чогуу мал базарга барган. Базарда чогулгандар Руслан менен достору көздөй келе жатканда айыпталуучу аларды коркутуу максатында асманга эки жолу ок чыгарган. Ошол маалда чогулгандар жүрүшүн токтотуп, кайрадан аларды көздөй басышкан. Мындан улам Руслан үчүнчү жолу асманга ок чыгарган. Андан кийин аны милиция кызматкерлери кармашкан. Руслан бул учурда үйүлгөн топ тарабынан сабалганын, ал эми өзү эч кимге кол көтөрбөгөнүн кошумчалады.

Жыйынтыгында сот Ш.Русланды күнөөлүү деп таап, 4 жылга эркиндигинен ажыратты. Сот жазаны шарттуу деп эсептеп, 1 жыл сыноо мөөнөтүн белгилөө токтомун чыгарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×