Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 20.11.2018 18:13 Жаңыланды: 21.11.2018 08:28 На русском

Сузакта күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөн адамдар окуянын чоо-жайын айтышты (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда ылаңдаган малдын этин жеген 3 адам күйдүргү оорусуна күмөндүү делип, ооруканага жаткырылды. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы адистерден, дарыгерлерден жана бейтаптардан окуянын чоо-жайын сурап кайтты.

Жергиликтүү тургундун айтымында, 3-ноябрда саат 12:00 чамасында 2 жашар малы жыгылып калганда шашылыш муздап жиберишкен. Бирок алар мал оорулуу экенин билишкен эмес.

«Эрте жазда үч баш малды жайлоого айдаганбыз, октябрь айынын ортосунда бир торпогубузду сатып, үйдө бир торпок жана бир уй калган. Күн сайын талаага алып чыгып бакчубуз, 3-ноябрда түнкү 23:00 чамасында уйубуз тура албай жатып калган экен. Ал арам өлүп калбасын деп мууздап салганбыз. Эртеси күнү кошуналарыбызды чакырып, этти тараттык. Бирок биз мал оорулуу экенин билген эмеспиз. Азыр өзүмдүн уулум жана кошунабыз ооруканада, бүгүн дагы бир кошунабыз ооруканага кайрылыптыр. Жолдошум алардан тынбай кабар алып жатат», - дейт үйдүн кожойкеси.

Ал эми Таш-Булак айыл өкмөтүнүн ветеринары Мадамин Таштемиров 1961-жылдан бери айыл өкмөттүн аймагында бир да жолу күйдүргү оорусу катталбаганын айтат.

«Айылда күйдүргү оруусу такыр катталган эмес. Анткени, биздин кызматкерлер жыл сайын ар кандай жугуштуу орууларга каршы мал-жандыктарды эмдеп турабыз. Мисалы ушул үй-бүлөнүн малына эрте жазда вакцина бергем. Азыркы тапта биз элге таратылган этти толугу менен кайтарып алып, лабораторияга жөнөттүк. Ал эми малдын терисин жана шыйрак-баштарын жок кылдык. Мал союлган жерди казып, хлор сээп, коопсуздук аракеттерин көрүүдөбүз. Эми темир тосмо алып келип орнотобуз.

Биздин айылда акыркы жолу 1961-жылы күйдүргү катталган, ал жер бетондолуп, айланасы курчалган болчу», - дейт ветеринардык адис.

Күйдүргү жарасына күмөндүү делген жарандар Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Алардын биринин айтымында, ал мал союп жатып, байкабай бычак менен колун кесип алган.

«3-ноябрда түнкүсүн кошунам үйүнө чакырып, малын мууздап жатышканын айтты. Мен да барып карасам, уй сарай жакта жыгылып калган экен. Биз аны арабага салып, жарык бар жерден мууздап, этин жиликтедик. Ошондо саат түнкү 12:00 чамасы болуп калган. Ошол учурда караңгыда байкабай, колумду мал сойгон бычак менен кесип алгам. Бир жума өтүп, колумда кара жарадай так пайда болду. Бирок мен ага маани берген эмесмин. Мал союшканга чейин сайда таш терип жатып колумду кыпчып алдым эле, ошол үчүн жара пайда болгон го деп ойлогом», - дейт бейтап.

Ал эми ооруканага түшкөн экинчи бейтап — мал ээси этти жегенден тогуз күндөн кийин денесине ыйлаакчалар чыгып, чыйрыгып, ооруканага кайрылганын кошумчалады.

«Уйду сойдук, этти ртеси айылга тараттык, бирок эч нерсе билинген деле жок. Андан тогуз күндөн кийин алгач колума безеткиге окшош бир нерсе чыкты, бирок мен ага маани бербей, сыгып салгам. Ошол күндөн тарта денемде ыйлакчаалар пайда болуп, чыйрыгып ооруп калдым. 16-ноябрда түнү катуу ооруп, оорукана кайрылдым. Азыр дарыланып жатам. Абалым жакшы болуп калды», - дейт мал ээси.

Ал эми Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башкы дарыгери Гүлнара Жээналиева учурда бейтаптардын абалы жакшы экенин билдирди.

«Бизге 16-ноябрдан 17-ноябрга караган түнү биринчи бейтап келди. Анын жаралары күйдүргүнүн белгилерине окшошкондуктан, биздин бөлүмгө тезинен жаткырганбыз. Биз дагы такташтырганда экинчи бейтап келип жатты. Ал эми бүгүн дагы бир бейтап келген болчу, бирок ал Сузак райондук ооруканасына которулду. Азыркы тапта биздин бөлүмдө жаткан эки бейтаптын абалы доктурлардын көзөмөлүндө, эки жумадай дарылап, үйүнө чыгарабыз. Азыр абалы жакшы, бирок колдоруна жаралар чыгып кеткен, алар узак убакыттан кийин жоголот. Ал үчүн дары-дармектерди ичүү шарт», - дейт дарыгер.

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча райондук борбордун башкы дарыгери Сооронбек Ташкеновдун айтымында, айылдын 187 тургуну медициналык кароодон өткөрүлүп, дары-дармектер таратылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×