Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 20.11.2018 16:11

Сузакта унаа айдап бараткан айдоочунун жүрөк оорусу кармап каза болду. Унаа оодарылып кеткен (фото)

Turmush -  Сузак районунда жол кырсыктан айдоочу каза болуп, эки адам жабыркады. Бул тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүүлөргө таянуу менен билдирди.

Алардын маалыматына караганда, жол кырсык бүгүн, 20-ноябрда Сузак районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында катталган. 1967-жылы туулган Ж.А. унаа башкарып бара жатканда жүрөк оорусу кармап, унаа жолдун четиндеги талды сүзүп, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен унаанын ээси окуя болгон жерде көз жумган.

Ал эми унаадагы 2 жүргүнчү Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына жеткирилген. Аталган мекемеден алынган маалыматка караганда, жүргүнчүлөрдүн бири Ж.Т. башынан жаракат алып, нейрохирургия бөлүмүнө, И.Ж. сынак-жарат бөлүмүнө жаткырылды.

Жол көзөмөлдөөчүлөр жол кырсык кокустук катары катталганын, айдоочунун саламаттыгына байланыштуу кырсык болгонун жакындары билдирип жатышканын ырасташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×