Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 20.11.2018 15:49

Жалал-Абадда жол кырсыгынан каза болгондор эскерилди (фото)

Turmush -  Ноябрь айынын үчүнчү жекшембиси Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыгында каза болгондорду эскерүү күнү катары белгиленип келе жаткандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун район-шаарларында дагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан түрдүү саамалыктар өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-ноябрда Сузак районундагы бир катар мектептердин окуучуларына аталган бөлүмдүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиев жол эрежелери боюнча кеңири түшүнүк берди. Ал эми окуучулар жана жөө жүргүнчүлөр өз ой-пикирлерин кагазга түшүрүшүп, анда негизинен айдоочулардан калктуу пункттарда жай ылдамдыкта жүрүүнү суранышкан.

Ошондой эле Жалал-Абад шаарында жол кырсыгынан каза болгондор эскерилди. Район-шаарларда дагы бул датага карата бир катар жумуштар жүргүзүлдү.

2005-жылдын 26-октябрында БУУнун Башкы ассамблеясы ноябрь айынын үчүнчү жекшембисин Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыгында каза болгондорду эскерүү күнү деп белгилеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×