Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 20.11.2018 10:31 Жаңыланды: 20.11.2018 15:23

Бишкек—Ош жолунда жүк ташуучу унаалар кагышып, 36 жаштагы аял каза болду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда жол кырсыктын кесепетинен адам өмүрү кыйылды. ӨКМдин билдирүүсү боюнча, окуя бүгүн, 20-ноябрга караган түнү саат 03:33 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 326-чакырымында (Камбар-Ата шаарчасы) болгон.

Токтоп турган «Рено» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын аркасынан «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобус сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен оор жаракат алган 1982-жылы туулган О.А. (аял киши) каза болуп, 2 адам жабыркады. Жабырлануучулар — 1993-жылы туулган А. уулу С. жана 1991-жылы туулган С. кызы Т. куткаруучулар тарабынан жардам алып, тез жардам кызматынын дарыгерлери алып кетишкен.

Учурда бул фактыга байланыштуу тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Күбөлөрдүн айтымында, «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасын сүзгөн «Рено» унаасында 20 тоннадан ашык үй буюмдары жүктөлгөн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×