Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 20.11.2018 09:50

Базар-Коргондо «Эне тил жана Ч.Айтматов» аттуу үч айлык жыйынтыкталды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районундагы Манас Бердибеков атындагы маданият үйүндө 19-ноябрда «Эне тил жана Чыңгыз Айтматов» аттуу үч айлыктын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктоочу кечеси болуп өттү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага райондук администрациянын өкүлдөрү, мекеме-ишкаралардын жетекчилери жана адистери, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, жаштар жана окуучулар катышты.

Иш-чаранын алкагында Ч.Айтамовдун чыгармаларын чагылдырып тартылган сүрөт көргөзмө уюштурулуп, жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр окулуп, иш-чара өнөрпоздордун концерттик программасы менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×