Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 19.11.2018 16:42

Аксыда унаа өтүүчү көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Жыл-Булак участкасында унаа өтүүчү көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, көпүрө куруу иштери ӨКМдин 2018-жылдагы «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш-мерчемине киргизилген. Ушул жылдын июль айында ӨКМ тарабынан товардык материалдык баалуулуктар: 9500 кг цемент жана 557 кг арматура бөлүнүп берилген.

Көпүрө жергиликтүү бийлик тарабынан ашар ыкмасы менен курулду. Аталган көпүрө Кызыл-Туу айыл аймагындагы Кара-Ой, Жол-Сай, Сарымсак-Булун жана Кызыл-Туу айылдарындагы болжол менен 650 кожолуктун автоунаа каттамын байланыштырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×