Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 19.11.2018 15:35

Базар-Коргондо жаштар жумалыгында спорттук мелдештер уюштурулду (фото)

Turmush -  Республикада жарыяланган жаштар жумалыгынын алкагында Базар-Коргон районунда бир нече иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

15-ноябрда ар бир айыл аймактардагы мектептерде спорттук оюндар уюштурулду. Алсак, акимиат жана жаштар иштери, дене-тарбия бөлүмүнүн адистери менен биргеликте О.Атабекова атындагы мектебинде волейбол, аркан тартыш, кол күрөш боюнча спорттук оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.

Жаштар жумалыгынын алкагында жаштардын ынтымагын бекемдөө жана жаштар саясатын өркүндөтүү максатында райондо «Тазалык жаштардан башталат» аталыштагы акция ар бир айыл аймакта жана мектептерде, кесиптик лицейлерде жаштар арасында уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×