Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 20.11.2018 09:04 Жаңыланды: 20.11.2018 18:31

Айыл турмушу: Күйөө бала «тойду тезирээк бүтүр, мен ажырашам» деп, тамада Русландын шаштысын алган (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 27 жаштагы тургуну Руслан Абдимиталип уулу 9 жылдан бери тойлордо алып баруучулук кызматты аркалап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал балачагында телеканалда алып баруучу болууну кыялданчу. Кийин анын тилеги орундалып, алгач жергиликтүү каналда эфирге чыкса, эми тамадалыкты да аркалоодо.

«Мектепте окуп жүргөндө ар кандай иш-чараларды алып барчумун. Мектепти аяктаган соң, Кочкор-Ата шаарындагы колледжде мунай жана газ кендерин пайдалануу жана изилдөө адистигин окуп, окуу жайда дагы уюштуруу иштерине активдүү катышып жүрдүм. Диплом алган соң жергиликтүү каналдардын бирине кастинг аркылуу өтүп, иштеп калдым. Балалык кыялым орундалды. Ал жерден мол тажрыйба топтой алдым», - дейт Руслан.

Анын тойлорду алып барып калышына ата-энеси дагы түрткү болгон. Анткени атасы ыр жазса, апасы Үлпат айылда ак элечек апалардын тобунда ырдап, элетте өткөн маданий саамалыктарга катышат.

«Ата-энем эле эмес, бир тууган эжем да бала кезинен ыр жандуу. Алардын таасири астында балачагымдагы кыялыма жетиштим. Мен 2009-жылдан бери тойлордо кызмат кылып келем. Алгачкы жолу өзүбүздүн айылдагы аяш атамдын уулунун үйлөнүү тоюнда алып баруучу болдум. Ал кезде 2-курста окучумун. Алгачкы тойго атам кыскача ырларды, цитаталарды жазып берип, апам болсо той башталганда кандай ырларды ырдоо керектиги боюнча кеңештерин берип, мени даярдашкан. Ошол тойдо айыл аксакалдары бата беришкен.

Тойлордо кызыктуу окуялар көп болот. Мисалы, бир жолу Жалал-Абад шаарында той алып барып калдым. Үйлөнө турган жигит Россиядан жаңы эле келип, кайра иштегени кетиш үчүн тез аранын ичинде үйлөнүп жатыптыр. Ал эки күндүн ичинде үйлөнө турган кыз таап, той өткөрөрүн айтып, анын үлпөт тоюнда алып баруучу болуп берүүмдү өтүндү. Эки күндөн кийин ал айткан ресторанга барсам даяр экен. 300гө жакын конок, куда-кудагыйлар келип жатышыптыр. Бирок эки жаш кечигип, той башталар алдында экөө бири-бирине таарынышып келишти. Ошентип конокторго алардын маанайын билдирбей, тойду баштап алдык. Бирок той ортолоп калган кезде күйөө бала мага келип: «тойду тезирээк бүтүр, мен муну менен жашабайм, ажырашам», деп калды.

Чынында мага күтүүсүз болду. Ошентип сөз кезегин берип, тойду эртерээк бүтүргөнгө аракет кылдым. Той бүткөн соң коноктор, той ээлери тарап кетишти.

Кийин өзүм ошол эки жаштын жашоосуна кызыгып байланышсам, тойдо таарынышкан эки жаш бактылуу жашап жатышкан экен. Тойдо ушундай кызыктуу окуялар көп болот», - дейт Руслан.

Ал кесиби боюнча «Кыргызнефтегаз» ААКтын басма сөз кызматында иштейт. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×