Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 17.11.2018 14:21

Ноокенде коомдук иштерге активдүү катышкан жаштар сыйланды (фото)

Turmush -  Республикада жарыяланган жаштар жумалыгынын алкагында Ноокен районунун аймагында бир нече иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жумалыктын алкагында райондун аймагында жаштар менен жолугушуулар, тазалык акциялары, спорттук мелдештер, дебаттар, интеллектуалдык оюндар уюштурулду.

Аталган жумалыктын жыйынтыктоочу иш-чарасы 16-ноябрда райондук деңгээлде өткөрүлүп, ага райондун аймагындагы 8 айыл өкмөттүн, Кочкор-Ата шаарынын жаштар кеңештеринин төрагалары менен мүчөлөрү, Кочкор-Ата шаарындагы колледждин жана медициналык колледжинин студенттери, Арал айыл өкмөтүндөгү №68, №77 кесиптик лицейдин студенттери, мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.

Анда акимдин биринчи орун басары К.Камбаралиев, райондук Жаштар кеңешинин төрагасы куттуктоо айтышты. Ошондой эле, райондук дин башкармалыгынын башчысынын орун басары сөз сүйлөп, жаштарга таалим,-тарбия, ата-энени урматтоо боюнча маалыматтарды айтып өттү.

Мындан тышкары, райондук жаштар иштери боюнча жетектөөчү адиси 2018-жылда аткарылган иштерди тизмектеди. Кочкор-Ата шаарындагы колледждин жаш мугалими тарабынан жаштарга арналган докладдар окулду. Райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери концерттик программа уюштуруп, жаштарга тартуулашты.

Жыйындын акырында райондун аймагында жаштар саясатынын өнүгүшүнө салымын кошкон, коомдук иштерге активдүү катышкан жаштарга Ардак грамоталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×