Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 16.11.2018 08:00

Айыл турмушу: Аксылык 26 жаштагы Зайырбек өзү кургаткан 5 тоннадай кайналыны Тажикстанга экспорттойт (фото)

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылынын 26 жаштагы тургуну Зайырбек Момунов 5 тоннадай кургатылган кайналыны чет өлкөгө экспорттоону пландап жатат. Жаш ишкер менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 2 жылдан бери өзү ачкан цехте кайналы кургатат. Быйыл кургаткан 5 тоннага жакын кайналыны эми Тажикстанга экспорттоо алдында турат.

«Кайналыны кургатуучу цехти 2 жыл мурун ачкам. Итагар айылында дагы 10дон ашуун ушундай жайлар бар. Кайналыны сентябрь айында кургатып баштайбыз. Ноябрдын ортосуна чейин ушул иш менен алек болобуз. Кышында аны Тажикстанга сатабыз. Быйыл 5 тоннага жакын кайналы кургаттык», - деди З.Момунов.

Ал кайналы өстүргөндөр көп болгондуктан аймакка аны кайра иштетүүчү завод курулса жакшы болмок дейт.

«Биз кургатылган кайналыны тажик туугандарга өткөрөбүз. Алар аны кайра иштетип, башка өлкөлөргө экспорттоп жатышат. Алар өз өлкөсүн биз кургаткан кайналы аркылуу таанытууда. Эгер бизде чоң завод курулса, ишкерлерге жол ачылмак. Кайналынын баасы да жогору болуп, элге жакшы болмок. Учурда анын эң жогорку баасы 80 сом болууда. Айрым учурда кургатылган кайналы арзан болуп, мээнетибиз акталбай жатат», - дейт ал.

Ал кайналыны кургатууда көп мээнет кетерин, 1 тоннадан 350-400 кг кайналынын кагын аларын билдирди.

«Кайналыны жакшы башкандан кийин кургатса 1 тоннадан 400 килограммга чейин как алынат. Эгер ал таза быша электе кургатылса 300-350 килограмм как болот. Тургундар учурда кайналыны жакшы бышырып, аны кургатып жатат. Кургатуу өтө көп мээнетти талап кылат.

Итагар айылынан жыл сайын 40-50 тоннадан ашуун кайналы чет өлкөгө сатылат. Ишкерлер элден 50-60 сомдон сатып алышып, Тажикстанга алып барып сатышат. Биз дагы өзүбүз кургаткан кайналыны чет жактарга экспорттоону пландап жатабыз», - деди Зайырбек Момунов.

Итагар айылында 200дөн ашуун кожолук жашайт. Тургундар мал чарба жана дыйканчылык менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×