Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 15.11.2018 15:34

Фото: Ош—Бишкек жолунда газ ташыган унаа жарылып кетти

Turmush -  Ош—Бишкек жолунун 260-чакырымында «Рено» үлгүсүндөгү газ ташуучу унаа жарылып кетти. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди.

Маалыматка караганда, газ ташыган унаа Бишкек шаарынан Ош багытын көздөй бара жатып, Чычкан капчыгайында дөңгөлөгү жарылып, жолдун оң тарабына кулаган. Мындан улам газ жарылган. Унаанын айдоочусу унаа кулап бара жатканда секирип кетип, аман калган.

Жалал-Абад ОИИБдин ЖКККБдин маалыматына караганда, окуя 15-ноябрда саат 12:35 чамасында болгон.

Жумушунан кайтып келе жаткан жол көзөмөлдөөчүлөр окуя болгон жерге токтоп, жолдун эки тарабынан тең 5 метр алыстагы унааларды токтотуп калышкан.

«Андагы оор жүк ташуучу унаада айдоочу өзү эле болгон. Ал унаадан секирип түшүп аман калган. Унаа жолдун четине кулап түшүптүр. Биздин кызматкерлер өрт өчүрүүчүлөргө дароо кабар беришип, өрт убагында өчүрүлдү. Жолдогу каттам үзгүлтүккө учураган жок», - деп билдиришти мекемеден.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×