Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 15.11.2018 12:40

Токтогулда 3 айылдын борбордук көчөлөрү жарыктандырылды (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагындагы 3 айылдын борбордук көчөлөрү жарыктандырылды. Бул тууралуу айыл аймактын башчысы Нурлан Молдомусаев билдирди.

Анын айтымында, бул жумуштар жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу жана айылдын инфраструктурасын жакшыртуу максатында жасалып жатат.

«Мындан ары башка айылдардын да көчөлөрүнө жарык берүүчү жабдыктарды орнотуу иштери жүргүзүлөт. Аталган айыл өкмөттөгү Бостектир көпүрөсүнүн да курулуш иштери аягына чыкты. Өтмөк Кызыл-Уран айылы менен Бозтектир участкаларын бириктирип турат. Буга чейин көпүрөнүн абалы начар болуп, жергиликтүүлөр бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп келген. Азыркы тапта ал көйгөй чечилди», - дейт Н.Молдомусаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×