Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 15.11.2018 10:25 Жаңыланды: 15.11.2018 17:20 На русском

«Тагдыр»: Насыянын азабынан үйүн банкка өткөргөн Т.Абдуллаевдин кызы ооруга чалдыкса, аялы баспай калган (фото)

Turmush -  Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Айыл тилкесинде жашаган Тойчубек Абдуллаев ири суммада алган насыясын төлөй албай, эми үйүн тарттырып жиберүү алдында турат. Насыянын азабынан улам кызы психологиялык ооруга чалдыккан.

Т.Абдуллаевдин 44 жаштагы келинчеги Базаржан Абдуллаеванын айтымында, алар 2015-жылдын жай мезгилинде мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында банктан 600 миң сом насыя алышкан.

«Банктан алган насыяга 10 баш жылкы сатып алганбыз. Өзүбүздүн дагы 5 жылкыбыз бар эле. 2015-жылдын декабрь айында 14 баш жылкыбыз Өзбекстандын чек арасынан өтүп кетиптир. Жылкыларды айдап келүү үчүн кеткен уулумду дагы өзбек чек арачылары кармап калышыптыр. Баламды коңшу өлкөдөн чыгарып алуу үчүн көп каражат сарптадык. Ал эми 14 баш жылкыбызды кайтара албай койдук. Мындан улам чыгымга учурадык. Алган 600 миң сом насыянын 200 миң сомун төлөгөнбүз, калганы төлөнө элек болчу», - дейт Б.Абдуллаева.

Анын айтымында, бул окуядан кийин жамандык болуп, 2 жылдын ичинде 7 тууганын жерге беришкен.

«Эки жылда 7 тууганыбыз биринин артынан бири кайтыш болду. Калган бир жылкыбызды ошондо сойгонбуз. Мындан улам чыгашага учурап, насыябызды төлөй албай, үйүбүздү банкка өткөрүп берүүгө аргасыз болдук. Банктын кызматкерлери күндө келе бергенден улам, кызым дагы психологиялык жактан жабыркап, эс-учун жоготуп, жыгыла турган болуп калды. Азыр банктын кызматкерлери үйдөн чыккыла деп жатышат.

Мен буга чейин муун оорусунан жабыркап жүрдүм эле. Акыркы жылдары оорум күчөп, эки бутум иштебей, төшөктө жатып калдым. Жалгыз үйүбүздү алып коюшса, каякка барып жашай турганыбызды билбейм.

Жолдошум да мени карап, эч жерде иштебейт. Алган 3 миң сом пенсияга жашайбыз. Ал эми уулум 20 жашта. Ал карындашын алып, Бишкекке иштегени кеткен. Кызымды ооруканада дарылатып жатат», - деди Б.Абдуллаева.

Айыл тургундары жана айыл башчысы аталган үй-бүлөнүн карызын кечүүнү өтүнүп, банкка бир нече ирет кайрылышкан. Ал эми банктын кызматкерлери табигый кырсыктардан улам үй жараксыз болуп же карыз алган адам каза болгон убакта гана насыя төлөнбөй турганын билдиришкен.

Ал эми Т.Абдуллаев алган насыясына 10 баш жылкы сатып алганын, алар Өзбекстандан кайтарылбай калгандан улам чыгымга учурап, ушундай кырдаалга туш болгонун айтып, президенттен жардам суроо менен кат жолдогонун билдирди. Бирок эч кандай жардам болгон эмес. Учурда ал жалгыз үйүн тарттырып жиберүүдөн кооптонуп, карызын кечүүнү өтүнүүгө аргасыз болуп жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×