Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 14.11.2018 12:52

Жалал-Абадда бир катар аймактык милиционерге эскертүү, сөгүш берилди (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун тургундары менен ОИИБдин башчысы Кылычбек Жолдошов жолугушуу өткөрдү. Маалыматка караганда, жыйынга акимдер, айыл тургундары, РИИБдердин өздүк курамдары катышты.

Алгач Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын чоң залында, андан соң Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылындагы маданият үйүндө жолугушуу уланды. Жолугушуу Аймактарды өнүктүрүү жылына багытталып, жер-жерлерде, эл арасында милициянын ишмердүүлүгүнө жеринде баа берүү, аларга карата коомчулуктун, элдин пикирлерин угуу, сунуш-көйгөйлөрү менен жакындан таанышуу максатында уюштурулган.

Анда арыз-муң, сунуш-пикирлери бар жарандар келип, чечилбей жаткан көйгөйлөрүн ортого салышты жана маселелер көзөмөлгө алынып, бир катар милиция кызматкерлерине эскертүү, сөгүш тартиптик жазалар жеринде берилди. Ошондой эле айрым социалдык маселелерди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте чечүү жолдору каралды.

К.Жолдошов жолугушуу учурунда өздүк курамдын материалдык техникалык базасын чыңдоо, жаш өспүрүмдөр, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөргө кам көрүү, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, терроризм-экстремизмди алдын алуу, Ош—Бишкек унаа жолундагы коопсуздук, кылмышты жаап-жашыруу жана өз убагында милицияга кайрылуу тууралуу айтып, 2019-жылда ишке кирүүчү бир катар жаңы мыйзамдардын өзгөчөлүктөрүн белгиледи.

Жергиликтүү тургундар тарабынан жол коопсуздугу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу, мал уурулук, участкалык инспекторлордун ишмердүүлүлүгү, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында маселелер айтылды. Аны менен катар коомчулук тарабынан милициянын учурдагы аткарып жаткан жумуштарын баалап, кылмыштуулуктун алдын алууда биргеликте жумуш алып баруу зарыл экендиги белгиленди.

Мындай жолугушуу облустун башка район-шаарларында да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×