Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 14.11.2018 12:09

53 млн сом жумшалган Мазар-Суу каналы пайдаланууга бериле электе бузулуп жатканына тургундар нааразы (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл аймагындагы Мазар-Суу каналы пайдаланууга берилбей жатып, айрым жерлери бузулуп, топурагы чыгып калды. Мындай пикирди жергиликтүүлөр айтып, нааразы болуп жатышканын аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүүлөрдүн ырастоолорунда, 15 жылдан бери каналдын курулушу жүрүп, аягына чыкпай жатат. Канал үчүн 50 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн, бирок бөлүнгөн суммага ылайык каналдын жумушу жүргөн жок. Ошондой эле тургундар каналдан толук суу келерине ишенбей турушат. Анткени ага бир нече себептер бар.

«Миллиондогон акча бөлүнгөн каналдын айрым жерлери канал ишке бериле электе талкаланып, топурагы чыгып жатат. Анан кантип ишенебиз? Канал калың куюлушу керек эле, андай болгон жок. Топурагы көрүнүп турат. Ушунча убакыттан бери курулуп жаткан каналыбыз эптемей жол менен бүтүп жатат. Жогору тарап каналдын абалын жеринен келип көрүп кетишсин. Мамлекеттин акчасы жумшалып жаткандан кийин бийлик өкүлдөрү кайдыгер карабай, каналдын сапатын карашсын. Бөлүнгөн акчага күйсүн. Биз күйгөн менен эч ким биздин үнүбүздү укпайт экен», - деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Максатбек Сагындыков да маселе канчалык көтөрүлбөсүн жыйынтык чыкпай жатканын белгиледи.

«Канал 2010-жылдан мурун башталган, 2018-жыл болду, дале бүтө элек. Быйыл бүтөөрүн айтып жатышат, ага ишенүү деле кыйын. Эл суу чыкмайынча ишенбейт. Каналдын курулушун сапаттуу деп айта албайбыз. Пайдаланууга берилбей жатып айрым жерлери талкаланып кеткен. Канал да өтө эле жука куюлган. Көрүнүп деле турат», - дейт депутат.

Маалыматка караганда, каналдын курулушу 2006-жылы башталып, 2013-жылга чейин каналды куруу үчүн каралган 23 миллион сом тең которулуп берилген. Ага карабастан 1-2 жыл курулуш иши толук кандуу жүргөн эмес.

Укук коргоо органдарынын кийлигишүүсү менен жумуш кайрадан жанданган. Бул каналда кетирилген кемчиликтер боюнча маалымат прокуратурага берилип, андан соң Токтогул РИИБге өткөн.

«Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Таалайбек Чотоевдин ММК өкүлдөрүнө берген маалыматына караганда, ал кызматка 2014-жылы келген. Ошол жылы бул каналга байланыштуу деффект актылар түзүлүп, облустук прокуратурага, финполицияга өткөрүлүп берилген.

Органдардын күчү менен жумуш жанданып, каналда жумуш жылды. Каналга акча каражаты 2013-жылга чейин эле которулуп берилген. Ага карабастан каналдын жумушу кечеңдеп келсе, органдардын аракети менен жумуш алга жылган. Бул каналды мамлекеттик комиссия кабыл алаарда да объектинин сапатына карап, анан бир жыйынтыкка келет. Кетирилген кемчиликтер оңдолоорун баса белгилеген.

Аталган мекеменин инженери Коргонбек Ташболотовдун айтымында, жергиликтүү эл көтөрүп жаткан маселе боюнча тиешелүү иштер жүрдү.

«Каналдын баш тарабында 10 метрдей жерин үшүк алып кеткен экен, биз байкабай калыптырбыз. Эл айтып жаткан жер кайрадан калыбына келди, каналдын 14 метрдейи кайрадан оңдолду. Башка жеринде маселе жок. Каналдын жумушу бүттү», - деди ал.

Мазар-Суу каналынын жалпы узундугу 4 чакырымды түзөт. Мындагы каналды курууга жана насостук станцияга фонддон жалпы 53 миллион сом жумшалган. Анын ичинен 24 миллион сому насосту бүткөрүү жумушуна бөлүнгөн. Деген менен каналга суу жеткириле элек. Жергиликтүүлөр бир эмес 2 насос алмашканына карабастан дале суу чыкпай жатканын айтышууда.

Ал эми «Атайын эсеп» мекемесинин кызматкери Коргонбек Ташполотов бул боюнча өзүнүн пикирин билдирди.

«Экинчи жолу насосту алмаштырдык, анда да суу толук жетпей калды. Сатып алып жатканда суу жетерин завод өкүлдөрү ишендиришкен экен, бирок болбой калды. Жетекчибиз келсе маселени өзү карайт. Буйруса жаз мезгилине чейин элге канал аркылуу суу жеткирилет деп күтүп жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×