Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 14.11.2018 11:28

Кочкор-Атада тунгуч премьер Н.Исановдун элесине арналган спорттук турнир өттү (фото)

Turmush -  Кочкор-Ата шаарында Кыргызстандын тунгуч премьер-министри Насирдин Исановдун жаркын элесине арналган спорттун бокс түрү боюнча турнир болуп өттү. Бул тууралуу Кочкор-Ата шаардык мэриясынын алдындагы спорт, туризм жаштар саясаты боюнча адиси Мыйзамбек Акматалиев билдирди.

Анын айтымында, турнирге Өзбекстандан да мушкерлер келишкен.

«Турнирге 200дөн ашуун жаш мушкерлер катышты. Алар Бишкек, Ош шаарларынан жана коңшу Өзбекстан да келишти. Мелдеште 14 жашка чейинки өспүрүмдөр 14 түрдүү салмактык категория менен күч сынашты. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, диплом, грамоталар тапшырылды», - дейт адис М.Акматалиев.

Кочкор-Ата шаарында Н.Исановдун элесине арналган иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×