Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 13.11.2018 22:29

Ноокенде спорт комплекстин курулушу 9 жылдан бери бүтпөй келет (фото)

Turmush -  Ноокен районундагы спорт комплекстин курулушу 9 жылдан бери аягына чыкпай келет.

Маалым болгондой, 2009-жылы спорт комплекстин курулушунун жалпы сметалык баасы 71 млн 170 миң сом деп эсептелип, ага тендер жарыяланган. Анын жыйынтыгында «Масы айыл курулуш» ЖЧКсы утуп алган. Аталган ишкананын башкы инженери Кубатбек Каназаровдун айтымында, учурда курулуштун 80%ы аяктады.

«9 жыл мурун тендер жарыяланып, андан биздин компания утуп алган. Учурда жумуштун дээрлик 80%ы аткарылды. Курулуш ушул убакытка чейин созулушуна өкмөт тарабынан акча бөлүнбөй калганы себеп болду. Ортодо 2 жыл жумуш токтоп калды. Кийинчерээк акча бөлүнүп, эми иштер жүргүзүлүп жатат. Ушул күнгө чейин 52 млн сомдук иш аткарылды, алдыда дагы 15 млн сом каралса, иш толугу менен аяктайт. Комплекс эки кабаттан туруп, мында чоң спорт зал, машыгуучу зал, жуунучу бөлмө болуп курулуп жатат.

Спорт комплекс эки бөлүктөн тургандыктан быйыл жыл аягына чейин аны толук бүткөрүп, колдонууга берүүнү пландап жатабыз», - дейт К.Каназаров.

Быйыл Жалал-Абад облусунда 73 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатат, жыл аягына чейин 22 объектти пайдаланууга берүү каралууда. Облустун курулуш тармагына республикалык бюджеттен 467 млн сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×