Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 13.11.2018 14:55

Аксынын Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысына кылмыш иши козголду

Turmush -  Аксы районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысына кылмыш иши козголду.

Өздүк булактар кабарлагандай, кылмыш иши айыл өкмөт башчы Т.Т. жерди мыйзамсыз бергендиги үчүн козголгон. Буга чейин айыл өкмөт башчысы таш майдалоочу цех курууга жер берген. Бирок жергиликтүү тургундар жер мыйзамсыз берилгенин айтып, Аксы райондук прокуратурасына кайрылган.

Бул боюнча райондук прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, жер мыйзамсыз берилгени аныкталган. Учурда айыл өкмөт башчынын иши сотто каралууда.

Мындан улам аталган айыл өкмөттүн башчысын убактылуу жумуштан алуу сунушу берилди. Жергиликтүү депутаттар азырынча бул маселени карай элек.

Т.Т. 2017-жылдын аягында Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×