Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 13.11.2018 12:12 Жаңыланды: 13.11.2018 18:05

Айыл турмушу: Чебер айым үйдө бош отурган айылдаштарын иш менен камсыздады (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын тургуну Уулкан Мамбетахунова чакан ишкана ачып, айылдаштарын иш менен камсыз кылды. Акыркы 5 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, койдун жүнүнөн түрдүү буюмдарды жасап келген элеттик чебер менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал ишин жеңилдетиш үчүн Орусиядан 400 миң сомго койдун жүнүн кайра иштетүүчү станок сатып алган. Буга чейин койдун жүнүн колго тытчу.

«Үч-Терек айыл аймагында кол өнөрчү айымдар абдан көп. Алардын айрымдары сайма сайса, кээ бири кийиз менен иштейт. Учурда үйдө бош отурган 15 аялды чогултуп, бирге иштеп жатабыз. Алар күн сайын эрте келип, койдун жүндөрүнөн түрдүү буюмдарды жасоонун аракетин көрүшөт. Бирок бул жумуштун да түйшүгү чоң. Ага карабай күн санап бул жумушка кызыккан аялдардын саны арбып барат.

Жумуш учурунда жүндү кайра иштетип, андан түрдүү азем белектерди, буюмдарды жасайбыз. Буга чейин жүндү колго тытчубуз. Орусиядан 400 миң сомго атайын станок сатып алгандан бери ишибиз жеңилдеп калды», - деди У.Мамбетахунова.

Анын айтымында, ал 2 жыл мурун чакан ишкана ачып, өзүнүн кардарларын да тапкан.

«Буйрутма бергендердин басымдуу бөлүгү унаалардын ички жабдууларын жасап берүүнү өтүнүшөт. Себеби, койдун жүнүнөн жасалган жабуу кыш мезгилинде жылуу, жайында салкын болот. Ошондуктан мындай буйрутмаларды көп беришет», - деди ал.

Элеттик ишкер айым эми чоң ишкана ачып, жумуш орундарын түзүүнү жана жасалган буюмдарды чет өлкөлөргө экспортко чыгарууну пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×