Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 10.11.2018 19:20

Москвада поезд сүзүп каза болгон Улукбектин денеси Кыргызстанга жөнөтүлдү (видео)

Turmush -  Москва шаарында поезд сүзүп каза болгон кыргызстандык жигиттин сөөгү өзү туулуп-өскөн айылга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Москвадагы Кыргыз коомунун өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Маалым болгондой, кырсык 5-ноябрда катталып, Садырбай уулу Улукбек жумуштан кеч чыгып, үйүнө темир жол аркылуу бара жатканда поезд сүзүп кеткен. Ал тез жардам кызматы менен Москвадагы №67 ооруканага жеткирилип, бирок алган жаракаттын кесепетинен каза болгон.

Улукбек Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 1997-жылы туулгандыгы аныкталган. Ал үй-бүлөдө жалгыз уул болчу. Атасы буга чейин каза болгон. Ал апасы, эжелери болуп Москва шаарында иштеп жүрүшкөн.

«Биз Улукбектин сөөгүн 9-ноябрь күнү Москва—Ош багыты боюнча Кыргызстанга узаттык. Ага Москвада эмгектенген мигранттар жана жеке ишканалар тарабынан 188 миң 250 рубль жардам иретинде берилди. Жардам берген бардык мекендештерге терең ыраазычылык билдиребиз жана маркумдун туугандарына көңүл айтабыз», - деди Улан Кошматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×