Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 10.11.2018 12:59 Жаңыланды: 11.11.2018 11:36 На русском

Айыл турмушу: Уста, мугалим жана акын Таштанбек Сооронбаевдин эмгектерин чет элдиктер баалашат (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай айылынын 56 жаштагы тургуну Таштанбек Сооронбаев устакана ачып, аны 18 жылдан бери иштетип келет. Анын жасаган эмгектерин чет өлкөдөн келген меймандар баалап, алып кетишет. Уста менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча мугалим. Ал окуучуларга комуздан жана кол эмгектен сабак берет. «Бала кезимден эле комуз чертүүгө абдан кызыгып, мектепте окуп жүргөндө комузда кол ойнотчумун. Комуз жасоого кызыгып, кол эмгек сабагын жакшы окуп, устачылык өнөрдү өздөштүрүп кеттим.

1986-жылы Казакстандын Түркистан шаарындагы Инструалдык педагогикалык техникумун аяктагам. Ушул эле жылы Таш-Көмүр шаарындагы автобазада 1 жыл механик болуп эмгектендим. 1987-жылдан бери Шамалды-Сай айылыбыздагы мектепте окуучуларга улуттук музыкалык аспабыбыз болгон комуздан жана кол эмгектен сабак берем. Окуучуларым комуз чертүү боюнча республикалык сынактарга чейин катышып, алдыңкы орундарды багындырып, мени кубандырып келишет. Окуучуларым гана эмес, мен дагы сынактарга катышып, республикалык сынактан 2-3-орундарга ээ болом. Буга чейин билим берген шакирттеримдин арасынан мугалимдер жана белгилүү эстрада ырчысы Жанетта Бобкова чыкты. Аларга да комуздан сабак берер элем.

Жумушумдан тышкары үйдө устачылык менен алектенип, кошумча киреше табам. 2000-жылы устакана ачып, аны өзүм иштетип жатам. Учурда ээр, комуздарды, казактын улуттук аспабы домбраларды чаап, ооз комуз, кыл кыяк жана түрдүү асем буюмдарды, баалуу белектерди жасайм. Айылдагы кызыккан балдарга бул өнөрдү үйрөтөм. Эмгектеримди Европа, Япония, Кореядан келген меймандар баалап, баалуу белектерди жана комуздарды алып кетишет.

2005-жылдан бери фестиваль, көргөзмөлөрдөн калбай катышып, 3 жолу өлкөбүздө өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барып келдим. Азыркы тапта кыл кыяктын жаңы түрүн жасоону пландап, анын үстүндө иштеп жатам», - дейт уста.

Таштанбек Сооронбаев мындан тышкары ыр да жазат. «Окуучу кезимде кыздарга ыр жазып жүрүп, акындык калемим курчуган. Ошондон тарта азыркы убакка чейин ар түрдүү тематикадагы ырларды кагаз бетине түшүрөм. Ыр жазуу боюнча кароо-сынактарга катышкан эмесмин. Бирок таланттуу окуучуларга ыр жазуунун ыкмаларын үйрөтөм», - деп айтып берди ал бул өнөрү жөнүндө.

Т. Сооронбаев райондук, шаардык, облустук жана башка бир нече грамоталар менен сыйланган.

Жубайы Инабат Сооронбаева экөөнүн баш кошконуна быйыл 35 жылдын жүзү болду. Алардын 2 кыз, 1 уулу жана 4 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×