Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 09.11.2018 12:18

Айыл турмушу: Чачтарач Келдибек Мамбеталиев окуучу кезинде эле классташтарынын чачын кыркып берчү (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарынын 29 жаштагы тургуну Келдибек Мамбеталиев 6 жылдан бери чачтарач болуп эмгектенип келет. Ал окуучу кезинде эле классташтарынын чачын кыркып бергенин аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Өзүнүн айтымында, чачтарач боюнча атайын билимге ээ болуп, 2012-жылдан бери Түп айылынын тургундарына кызмат көрсөтүп келет.

«Негизи кичине кезимден эле чач тарач болууга кызыкчумун. Окуучулук күндөрдө эле классташ балдардын чачын кыркып берчүмүн. Түптөгү имаратты ижара алып иштетем, ал жерде өзүмдүн кардарларым бар. Чачтарачканадан тапкан каражат менен үй-бүлөмдү багам. Келинчегим да чачтарач, экөөбүз чогуу иштейбиз. Караколдо чачтарачтар көп, ал жерде иштөө кыйын. Өзүм мырзалардыкын, келинчегим аялдардын чачын тегиздейт. Экөөбүз биригип айына 25 миң сом киреше табабыз», - деди ал.

Чачтарач жумуш учурундагы окуялар тууралуу айтып берди.

«Жумуш учурунда кардарлар күлкүлүү окуяларды айтып берип, маанайды көтөрүп турушат. Алар айтып берген бир окуя эсиме түштү. Канат менен Жыргал аттуу достор Түптүн айылынан борборуна чач алдырганы келишет. Ал кезде Түптө орус аялдар иштечү экен. Чачтарач аял Канаттан чачын кандай кылып тегиздөөнү сураса, "канадка" деп жооп бериптир. Андан кийин жанындагы досунан чачын кандай кылып кыркуу керектигин сураса, ал атын айтат турбайбы жеп "Жыргал" деген экен.

Бир жолу кардар чачы түшүп жатканын айтып, эмне кылуу керектигин сурады. Мен ага насыя алдыңыз беле десем, "жок" деп чоочуп кеткен болчу.

Бош убакта балдарым менен сейилдеп, үй жумуштары менен алектенем. Келечекте менчик сулуулук салонун ачсам дейм», - деди ал.

Ал 1 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×