Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.11.2018 11:12 На русском

Бишкек—Ош жолунда кичи автобус жолдон чыгып, эки адам ооруканага түштү (фото)

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолундагы кырсыктан эки адам жабыркап, оор абалда ооруканага түштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы булактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсык 7-ноябрда саат 23:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 409-чакырымында катталган. Анда «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү унаа жолдон тайып, 100 метр ылдый түшүп кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен айдоочу менен жүргүнчү жараат алып, Кара-Көл шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×