Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баракелде, Бишкек 09.11.2018 10:11 На русском

Санкт-Петербургда курулушта иштеген кыргызстандык 21 жаштагы жигит каза болду

Turmush -  Россиянын Санкт-Петербург шаарынын укук коргоо органдары курулуштардын биринде адам өмүрүн алган кырсык боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу россиялык ММКлар билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 7-ноябрда Сестрорецк шаарында Приморский жолундагы №352 үйдө болгон. Жумушчунун жансыз денесин 4-кабаттан табышкан. Каза болгон адам Кыргызстандан келген 21 жаштагы жигит экендиги белгилүү болгон.

Полиция кызматы каза болгон жаран курулуш иши жүрүп жаткан 11 кабаттуу үйдө колго жасалган курулуш жабдыгында турак жайдын маңдайын оңдоо иштерин жасап жаткандыгын жана ал теңсалмактуулугун жоготуп, конструкциядан кулап калгандыгын аныкташкан. Аталган факт боюнча текшерүү иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×