Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 05.11.2018 17:55

Майлуу-Сууда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата сынак уюштурулду (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарынын маданият үйүндɵ 1-ноябрда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата кɵркɵм окуу, сүрɵт тартуу, Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде аткарылган обондуу ырлар боюнча сынактар ɵткɵрүлүп, кыргыз китептеринин кɵргɵзмɵлɵрү уюштурулду.

Маалым болгондой сынактарга мектеп окуучулары жана студенттер катышып, жеӊүүчүлɵргɵ акчалай сыйлыктар тапшырылып, жалпысынан байге фонду 9000 сомду түзгөн. Ошондой эле эӊ мыкты катышуучулардын аткаруусундагы видео-тасмалар Жалал-Абад облусуна жɵнɵтүлүп, облустук деӊгээлде ɵз ɵнɵрлɵрүн тартууламакчы.

Аталган сынак өлкө аймагында 15-октябрдан 12-декабрга чейин жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Эне тил жана Ч.Айтматов» аттуу үч айлыктын алкагында өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×