Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 05.11.2018 21:45

Токтогулдун алыскы айылдарына барган мобилдүү клиника элди текшерүүдө (фото)

Turmush -  Токтогул районуна караштуу алыскы Жетиген, Ничке-Сай айылдарына мобилдүү клиника барып, дарыгерлер жергиликтүү тургундардын саламаттыгын текшерип жатышат. Бул тууралуу облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Нурдин Эрматов билдирди.

Анын айтымында, мобилдүү клиниканын дарыгерлерине кайрылгандар көп болууда.

«Жетиген айылынан 150 жаран лабораториядан текшерүүдөн өтүштү. Андагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 4 жаран сарык оорусуна, 50 адам кант диабетине күмөндүү болуп табылды. Ал эми ВИЧ, сифилис оорулары катталган жок. Биз райондук ооруканага жете албай жүргөн элеттиктерге кол сунуп жатабыз», - деди Н.Эрматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×