Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.11.2018 14:03

Жалал-Абадда өндүрүлгөн продуктулар бирдей логотип менен экспорттолот (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагында өндүрүлгөн табигый мөмө-жемиштерден жасалган продуктулар чет өлкөлөргө бирдей логотип менен экспорттолот. Бул тууралуу «Бир айыл, бир продукт» долбоорунун негизинде жеке ишкерлер менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусунда маалым болду.

Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабековдун айтымында, жергиликтүү ишкерлер таза продуктуну чет өлкөлөргө эскпорттоонун жолдорун үйрөнүп жатышат.

«Биздин облуста долбоордун негизинде бир топ иш аракеттер жүрүп жаткан. Учурда Япониядан келген өкүлдөр биздин ишкерлер менен жолугуп, аларга өндүрүлгөн таза продуктуну кантип чет өлкөгө экспорттоонун жол-жоболорун үйрөтүп, эксперт катары өз ойлорун айтып, колдоо көрсөтүп жатышат. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругунун негизинде атайын комитет түзүлдү. Алар биздин облустан өндүрүлгөн мөмө-жемиштерге бренд тандап жатышат. Мисалы бизде жаңгак, мисте жана кара өрүктөр бир топ өлкөлөргө сатыкка чыгат. Бирок ортодо ишкерлер сатып алып, алар өткөрүп жатышат. Азыркы тапта товардык белги же болбосо логотипти тандап алдык, мындан ары облусубузда өндүрүлгөн продукция ошол логотип менен чет жакка чыгарылат», - дейт Ы.Ызабеков.

Жалал-Абад облусунда жаңгак, кара өрүк, мисте жана башка мөмө-жемиштерди Россия, Түркия, Германия сыяктуу өлкөлөргө экспортоо жолго коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×