Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 05.11.2018 13:36 Жаңыланды: 05.11.2018 14:58 На русском

23 жаштагы Күмүшай — Азия чемпиону, каратэчи, машыктыруучу, юрист жана 47 медаль менен 60 дипломдун ээси (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун тургуну Күмүшай Орозкулова 12 жашынан бери спорттун каратэ-до түрү менен машыгып келет. Күмүшай учурда 47 медаль, 60 дипломдун ээси. Анын ичинен 22 байгеси алтын болсо, 14 медалы күмүш жана 11 медалы коло байгелер.

Спортчу кыз Кыргызстандын желегин бир нече мамлекеттерде желбиретип, башкы орундарды алып келген. Анын айтымында, 12 жашында атасы спорт ийримине алып барган эле. Ал мындай ийгиликтерге кантип жеткени туурасында аймактык кабарчыгы баяндап берди.

«Мен 12 жашымдан бери спорт менен машыгып келем. Ал эми 2006-жылдан баштап каратэ-до менен үзгүлтүксүз машыга баштадым. Өзүм Жалал-Абад мамлекеттик университетинде юридикалык факультетти аяктагам. Учурда кесибим боюнча иштейм. Колдон келишинче мекениме кызмат кылып жатам.

Менин биринчи устатым Алишер Садыков агай болду. Мындай ийгиликтерге жетишиме анын салымы чоң десем болот. 2008-жылдан баштап спорт чебери Төлөн Жакшыбаев деген инсан машыктыруучум. Азыркы учурга чейин ошол агайдын колунда тарбияланып келем. Өзүм дагы окуучуларды машыктырам. Кандай гана жумуш болбосун эгерде аны сүйүү менен жасасаң анда эч кандай кыйынчылык жаралбайт. Мага жакындарым: “Машыгууга барасың, окуучуларды машыктырасың, баарына кантип жетишесиң?” деп айтып калат», - деди К.Орозкулова.

Ал спорттун арты менен көптөгөн мамлекеттерге чыгып, ийгиликтерди жаратып келе жатат.

«4-класстан тарта мелдештерге алгач мектептин атынан чыгып жүрдүм. Андан кийин чоң окуу жайдын атынан башка облустарга чыккам. Университетте окуп жүргөндө спорт клубдар менен келишим түзүп, алардын атын алып чыктым. Кыргызстандын бардык облустарындагы мелдештерге барып, башкы орундарды алганым үчүн чет мамлекеттерге чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болду десем болот. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Украинага чейин барып, жакшы ийгиликтерге жетишип келдим.

2017-жылы апрелде Азия чемпионатында 1-орунду алып, алтын медалдын ээси болдум. 2018-жылы июнь айында Казакстандын биринчилигине барып, 1-орунду алгам. Ал эми Өзбекстандын биринчилигинде 2-орунга жетиштим. Кыргызстанда чепионат болгондо дайыма катышып турам.

Спорт мага көп мүмкүнчүлүктөрдү берди десем болот. Мен спорттон дүйнө таанып, көп досторду таптым. Бул жолду тандап, жаман нерсе көргөн жокмун. Ата-энем, досторум да сыймыктануу менен кабыл алышат», - деди Күмүшай Орозкулова.

Күмүшай уктап калып, мелдештерден кечиккен учурлар да болгон.

«Негизи бир аз уйкучураакмын. Уктап калып, чемпионаттардан кечиккен учурлар көп болгон. Агайым: “Сен уктап жата бер, азаматсың” деп урушуп калчу. Ошондуктан дайыма мелдештерде апам ойготуп калды.

Мен атама абдан жакынмын. Атам мени бардык учурда колдоп турат. Бирок спортту жеке жашоомо аралаштырбайм. Жумушта кадимки жумуштагы адаммын, көчөдө жөнөкөй чоюлган кыз болсом, залда тарсылдаган спортчумун. Мен эч качан көчөдө ачууга алдырып бирөөнү тээп же сабаган эмесмин. Адатта сабырдуумун, ачууга алдырбайм. Ал эми ачуум келсе унчукпай кутулам.

Кээде “эмне үчүн бир урбадым?” деп ойлоп калам. Бирок ар бир нерсенин өз орду бар», - деди К.Орозкулова.

Спортчу кыз келечекте Олимпиадаларда Кыргызстандын желегин желбиретүүнү максат кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×