Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 03.11.2018 15:07

Сүрөт — Кара-Көлдө жоокерлер ант беришти

Turmush -  Бүгүн, 3-ноябрда Кара-Көл шаарында жоокерлердин ант берүү аземи болуп өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын №718 Кара-Көл шаарында жайгашкан аскер бөлүгүнүн жоокерлери салтанаттуу түрдө аскердик антка келтирилди. Иш-чаранын салтанаттуу аземине Кара-Көл шаарынын мэри И.Еркеев, ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги Н.Майлибеков жана ардактуу коноктор келип катышты.

Иш-чара салтанаттуу түрдө аскер бөлүктүн күжүрмөн туусун алып келүү менен башталып, гвардиянын полковниги Турсунов Адилет Сыныбекович аскердик анттын ыйыктыгын жана аны ата-бабалардан бери эр жүрөк кыргыз жигиттери урматтап, барктап келгендигин баса белгилеп кетти.

Аскердик антка келтирилген жоокерлер бир ай ичинде үйрөнгөн саптык ыкмаларын, курал менен жана куралсыз кол уруш ыкмаларын көрсөтүп, келген конокторго жакшы маанай тартуулашты. Салтанаттуу иш-чара маданият үйүнүн кызматкерлеринин концерттик программасы менен жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×