Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 03.11.2018 15:53 На русском

Балама ыраазымын, соттобогула: Ноокенде жалгыз уулу сабап өлтүргөн апа ушул сөздү айтып үзүлдү

Turmush -  Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн Аримжан айылында 66 жаштагы А.Ш. аттуу аял Б.Т. аттуу уулунун токмогунан каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Маалыматка караганда, эне оор абалда ооруканага 28-октябрда түшүп, оор жаракатынан улам ошол эле күнү каза болгон. Бирок эне катуу токмок жеген абалда жатканда дагы «балама ыраазымын, жоопкерчиликке тартпагыла» деп айткан. Милицияга кошуналары кабар берген. Айрымдары уулу токтоо мүнөз экендигин, бул кабарга таң калуу менен карап жатышканын билдиришти. Маркум эненин жалгыз эле уулу болгон.

Сакалды айыл аймагынын жетекчилиги да окуяны тастыктап, батага барып келишкенин билдиришти.

Райондук оорукананын дарыгерлеринин айтымында, токмоктолгон аял аларга өзүн билбеген оор абалда жеткирилген.

«Бизге 28-октябрда күндүзгү саат 13:10 чамасында өзүн билбеген оор абалда түшүп, биздин кызматкерлер колунан келген жардамын көрсөтүштү. Бирок бейтап келгенине жарым саат болгондо үзүлүп калды. Алдын ала коюлган диагнозго караганда баш мээси катуу жабыркаган. Катуу токмоктон өпкөсү жарылып кеткени байкалган. Аппараттарга толук түшүрүүгө мүмкүн болбой калды. Аялды туугандары жана милиция кызматкерлери алып келген экен. Дароо тергөөчү чакыртылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды», - деп билдиришти ооруканадан.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, А.Ш.нын уулу Б.Т. апасын мас абалда эч бир себепсиз оозго алгыс сөздөр менен тилдеген. Үйүнүн ичинде бөлмөдө таянып жүргөн таягын алып, аны менен сабап бир нече жолу уруп жаракат келтирген. Ошол эле күнү кылмышка шектелген уулу камакка алынган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иш козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×